Алдыдагы иш-чаралар өлкөнү дүйнөгө таанытууга зор мүмкүнчүлүк – Раев

Коом 174 18 Август 2026 12:50
Султан-Раев.jpg
copyright icon www

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 18.08.26. /Кабар/. Көчмөндөр оюндары жана ШКУ саммити өлкөнү дүйнөгө таанытууга мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Бул тууралуу ТҮРКСОЙ уюмунун башкы катчысы, мамлекеттик жана коомдук ишмер Султан Раев “Кабар” агенттигине билдирди.

Раев белгилегендей, 2026-жыл Кыргызстан үчүн дүйнөлүк деңгээлде маанилүү жылдардан болду. Биринчи кезекте Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешине туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланды. Муну менен өлкө тарыхый жаңы барагын ачты.

Раев руханий, маданий мааниде алып караганда, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары буга чейин Түркия менен Казакстанда өтүп, Кыргызстанга кайрадан келиши бул өзгөчө сыймык экенин айтат.

“Кыргызстан дүйнөлүк цивилизацияга кандай салымын кошо алды дегенде, Көчмөндөр оюндарын айтсак болот. Мунун маданий гана эмес, саясий дагы, гуманитардык дагы мааниси жогору. Бул оюндар жаратылыш менен жуурулушкандыктан дүйнөлүк аренада өлкөбүздү таанытуудагы бирден-бир брендибиз. Ал аркылуу туризмдин өлкөсү катары жар салууга мүмкүнчүлүктөр ачылат. Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине ондон ашык мамлекет башчыларынын келиши улуттук дипломатиянын этаптуу көрүнүшү катары белгиленет. Себеби, Кыргызстан дүйнөлүк маселелерди чечүүнүн өзгөчө бир платформасы болуп калды деп айтар элем. ШКУ – бул дүйнөдө таасирдүү уюмдардын бири. Саммиттин бизде өтүшү өтө чоң сыймык жана өлкөнүн жүзүн таанытууга, өнүгүү жолунда бараткандыгын көрсөтүүгө мүмкүнчүлүктөрдү түзөт”, - деп белгиледи Султан Раев.