Бишкек, 18.08.26. /Кабар/. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана ШКУ саммити сыяктуу ири иш-чаралар Кыргызстанга дүйнө жүзүнүн көңүлүн бурдурат. Бул тууралуу туризм тармагы боюнча серепчи Максат Чакиев “Кабар” агенттигине билдирди.
Анын айтымында, эл аралык деңгээлдеги иш-чаралардын алкагында өлкөнүн бренддерин, ар кыл тармактагы потенциалын көрсөтүүгө шарт түзүлөт.

“Кандай гана ири иш-чаралар, форумдар болбосун алар аркылуу Кыргызстан дүйнөлүк деңгээлде жарнамаланат. Ошол үчүн келе жаткан ШКУ саммити, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын биз болушунча максималдуу түрдө колдонушубуз керек. Бул биздин мамлекеттин дүйнөлүк масштабдагы потенциалын жарнама кылуу, көрсөтүү, туристтерди жана инвесторлорду чакырууга өбөлгө түзөт”, - деп белгиледи ал.
Ошондой эле Максат Чакиев дүйнөлүк деңгээлдеги иш-чаралар өткөрүлгөнү жатканда ар бир кыргызстандык бир катар мамлекеттердин өлкө башчыларын жана делегацияларын кабыл алуу максатында киргизилген чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылуусу зарыл деп эсептейт.
“Иш-чаралар бүтөт, бирок дүйнөлүк деңгээлде Кыргызстандын аброю жогорулайт. Ошондуктан өлкөнүн беделин көтөрүүчү иш-чараларды өткөрүүдө жарандар түшүнүү менен мамиле кылып, колдоо көрсөтүүсү кажет”, - деп белгиледи ал.