Башка өлкөлөрдө чоң иш-чаралар маалында кандай чектөөлөр киргизилет?

Коом 123 20 Август 2026 18:00
4xl.avif
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Саналуу күндөрдөн кийин Кыргызстанда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана Шанхай кызматташтык уюмунун саммити өтөт. Бул эки ири иш-чара эл аралык аренада биздин өлкөнүн аброюн жогорулатып, конокторго мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырууга өбөлгө болмокчу. Иш-чараларды утурлай Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусунун аймагында бир катар чектөөлөр киргизилери айтылды. “Кабар” агенттиги башка өлкөлөрдө саммит, спорттук мелдештер деги эле миңдеген күйөрмандардын назарын бурган окуялар убагында кандай чектөөлөр киргизилгенин азын-оолак айтып берет.

719232446_386698068_aGupvLh.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014

Алдыда ар бир кыргызстандык өлкөнүн аты тээ алыска угулуп жатканына сыймыктана турган иш-чаралар өтчү күн да жакындап калды. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана ШКУ саммитине ондогон мамлекеттердин башчылары жана делегациялары келет. Буга байланыштуу унаа жолдордо, аэропорт, соода борбор, базарларда убактылуу чектөөлөр киргизилгени турат. Жарандарга маалымат иретинде биз кандай чектөөлөр болорун тизмектейбиз.

Жумуш жана билим

1-сентябрда Бишкекте эмгек акыны сактоо менен дем алыш болот, Ал эми окуу процесси адаттагыдай 1-сентябрда эмес, 15-сентябрда башталат.

80ee97e9-e03b-44ef-b4b6-9a4c85ab36fd.jpg

Аба майдан

ШКУ саммити жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байланыштуу "Манас" эл аралык аэропорту 31-августта жана 1-сентябрда өзгөчө иштөө режимине өтөт. Ага ылайык, мамлекет башчыларынын жана расмий делегациялардын учактарын кабыл алуу үчүн күндүзгү каттамдарга убактылуу чектөөлөр киргизилет.

WhatsApp_Image_wOmg_EzbbLcp.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014
  • 31-августта саат 9:00дөн 20:00гө чейин;
  • 1-сентябрда саат 10:00дөн 22:00гө чейин.

Аэропорт чектөө коюлган убакыттардан тышкары каттамдарды кабыл ала берет.

Соода жайлары

709005530_385252333.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014

31-августта жана 1-сентябрда “Чынар”, “Айчүрөк”, “Бишкек Парк”, “Азия Молл”, “Ала-Арча”, “VEFA Центр”, “Дом торговли”, “Гоин”, “Beta Stores 1”, “Беш Сары Сити” соода борборлору иштебейт.

31-августта (санитардык күн), 1-2-сентябрда “Ош” жана “Сары-Өзөн” базарларынын жана соода объектилеринин иши убактылуу токтотулат.

31-августта жана 1-сентябрда “Орто-Сай” базары да жабык болот.

Жолдор жана жөө өтмөктөр

WhatsApp_Image_2026_RNHcSAp.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014

29-августта саат 15:00дөн баштап Ч. Айтматов проспектиси менен М. Горький көчөсүнүн, Чүй проспектиси менен Манас проспектисинин (азыркы Ч. Айтматов проспектиси), Манас айылы менен Васильев тракты (азыркы Манас көчөсү), Чүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн (Old Bishkek) кесилишиндеги жер астындагы өтмөктөр жабылат.

Муну менен катар, мамлекеттик маанидеги иш-чараларды өткөрүү мезгилинде унаалардын кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет.

95664124-088e-412c-_28Rq0mT.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 30-августтан 6-сентябрга чейин Бишкек шаарында “Манас” эл аралык аэропортунан баштап, Васильевский тракт, Фучик көчөсүндө, Чүй, Манас жана Чыңгыз Айтматов проспектилеринде, Жусуп Абдрахманов, Байтик баатыр көчөлөрүндө, Абсамат Масалиев проспектисинде, Жайыл баатыр жана Барпы Алыкулов көчөлөрүндө чектөөлөр киргизилет. Ошондой эле Чүй облусунун айрым унаа жолдорунда дагы унаа кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилип турат.

WhatsApp_Image_fdlHImH.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp

Мындан тышкары, Ысык-Көл облусундагы айрым унаа жолдорунда, анын ичинде “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан Чолпон-Ата шаарына чейинки, ат майдандын аймагында, ошондой эле Кырчын капчыгайына алып баруучу жолдо убактылуу чектөөлөр киргизилет.

Кошумчалай кетсек, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине даярдык көрүүгө байланыштуу “Бишкек Арена” стадионунда жана ага жакын аймактардагы айрым көчөлөрдө унаа кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилип, маал-маалы менен жолдор жабылып жатат.

Коомдук транспорт

539424016_3534473346695839_9142987562306476972_n.jpg

Бишкекте VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы өтө турган 31-августта көрүүчүлөргө ыңгайлуу шарт түзүү максатында "Бишкек Аренага" жеткирүүчү атайын шаттл-автобустар уюштурулат. Мэриядан билдиришкендей, автобустар атайын аныкталган 21 жерден каттайт. Шаар тургундары жана борбор калаанын коноктору өздөрү үчүн ыңгайлуу болгон жөнөө пунктун тандап, ошол жерден шаттл-автобуска отуруп, "Бишкек Аренага" жете алышат.

Эми алдыда башка өлкөлөрдө өткөрүлгөн иш-чараларга карата кандай чектөөлөр киргизилгенине токтололу.

Дүйнө чемпионаты

Быйыл футбол боюнча дүйнө чемпионаты учурунда АКШ, Канада жана Мексикадагы оюн өткөрүлгөн шаарларда коопсуздук чаралары күчөтүлгөн. Анда транспорттук чектөөлөрдөн тартып өлкөгө кирүүгө чейин бир катар чектөөлөр киргизилген.

1180x665_jZCLyNp_OJ2MgsS.2e.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014

Беттештер өтчү шаарларда, мисалы, Торонтодо унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилген. Стадиондорго жеке унаа менен эмес, коомдук транспорт же атайын шаттлдар менен барууга артыкчылык берилген.

Кышкы Олимпиада оюндары

Ал эми быйыл февраль айында Италиянын Милан жана Кортина-д’Ампеццо шаарларындагы кышкы Олимпиада оюндары убагында да катаал чектөөлөр болгон. Спортчулар жашаган аймак жана аренанын айланасындагы жолдор жабылган. Ошондой эле делегациялар өтө турган багыттарда жана спорттук объекттердин жанына унаа токтотууга толугу менен тыюу салынган. Муну менен катар, Милан шаарындагы транспорт түйүндөрүндө мотоциклдердин жүрүүсүнө чектөө киргизилсе, метрополитендин иши түнкү саат экиге чейин узартылган.

720x405

Кышкы оюндар өтө турган жерлерде учактардын учуусуна тыюу салынган. Ошол эле маалда бекет жана чек араларда адамдардын кирип-чыгышы дыкат текшерилген.

Веложарыш

7d5db41f4562661b049c62822f1c571468ea4acd4fa49697272932

8-31-майда болгон “Жиро д’Италия” веложарышында спортчулар өтө турган шаарларда унаа кыймылына жана унаа токтотууга убактылуу чектөөлөр киргизилген. Коомдук траснпорттун каттамдарынын багыты өзгөртүлгөн.

Кытайдагы ШКУ саммити

goroda-kitaya-tyanczzin

Былтыр 31-августтан 1-сентябрга чейин Кытайдын Тяньцзин шаарында ШКУ саммитинде коопсуздукту сактоого багытталган масштабдуу чектөөлөр киргизилген. Шаарда көчөлөр жабылып, унаа кыймылы чектелген, Иш-чаралар өтүүчү жерлерде жакын жайгашкан дүкөн, соода жайлары, ишканалар жабылган. Ошондой эле коомдук жайларда полициянын иши күчөтүлгөн.

524421326_3494930023983505_5261900681905625500_n

Кыргызстанда эки ири иш-чара бир убакта өткөрүлүп жаткандыктан, киргизилип жаткан чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылуу керек. Бул тууралуу мурдагы маданият министри, туризм тармагы боюнча эксперт Азамат Жаманкулов “Кабар” агенттигине билдирди.

292303072_351857850439311_6049870045817919263_.width-800 (1)

Ал белгилегендей, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана ШКУ саммити өңдүү ири иш-чаралар жыл сайын эле боло бербейт. Булар бир канча жылда кайра өткөрүлчү иш-чаралар болуп саналат.

“Бул эки иш-чара саясий жана маданий-спорттук иш-чаралардын бири. Буга байланыштуу иш-чаралар маалында киргизилген чектөөлөрдү жарандар түшүнүү менен кабыл алышы керек. Мындай чектөөлөр биздин өлкөдө эле киргизилип жаткан жок. Дүйнөнүн кайсы гана мамлекетинде мындай чоң иш-чаралар өтпөсүн, мисалы, футболдук беттештер, саммит, спорттук иш-чаралар болобу, бардыгында чектөөлөр киргизилет. Булар биринчиден, чет элдик коноктор жана делегациялар келгендиктен алардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында, экинчиден алардын иш-чаралар учурунда тоскоолдуксуз жүрүүсү үчүн киргизилет. Менин оюмча, жарандар бизде киргизилип жаткан чектөөлөрдү түшүнүү менен эле кабыл алып жатат”, - деди Азамат Жаманкулов.