Көчмөндөр оюндары жана ШКУ саммити: Бишкекте фан-зоналар уюштурулат

Коом 33 10 Август 2026 15:20
1786353472_large.jpeg
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 10.08.26. /Кабар/. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жана Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине арналган иш-чаралардын алкагында борбор калаанын тургундары жана коноктору үчүн Бишкек шаарынын Октябрь районунда күйөрмандар үчүн атайын зоналар уюштурулат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, фан-зоналар Тунгуч кичирайонундагы "Тунгуч-1" скверинде жана "Ынтымак-2" паркындагы амфитеатрда жайгашат.

Аталган аянтчаларда LED-экрандар орнотулуп, алар аркылуу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы мелдештер түз эфирде көрсөтүлөт. Келген коноктор спорттук мелдештерди ыңгайлуу шартта жана майрамдык маанайда көрө алышат.

Шаар тургундары жана коноктору үчүн маданий жана көңүл ачуучу иш-чаралардан турган бай программа даярдалды. Сахнада кыргыз эстрадасынын белгилүү жылдыздары өнөр көрсөтүп, музыкалык чыгармаларды аткарып, борбор калаанын тургундары менен конокторуна майрамдык маанай тартуулашат.

Кыргыз элинин улуттук маданиятына жана каада-салттарына өзгөчө көңүл бурулат. Күйөрмандар үчүн улуттук оюндар жана тематикалык иш-чаралар уюштурулуп, анда келгендер мелдештерди көрүү менен гана чектелбестен, кыргыз элинин салттуу оюндарына өздөрү да катыша алышат.

Мындан тышкары, аянтчаларда фуд-корттор, балдар жана чоңдор үчүн оюн-зоок зоналары иштейт.