Көчмөндөр оюндары жана ШКУ өлкөлөрдүн маданий кызматташтыгын бекемдейт

Коом 131 18 Август 2026 18:25
719232446_386698068_JhRPPgx.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 18.08.26. /Кабар/. Көчмөндөр оюндары жана ШКУ саммити өлкөлөрдүн маданий кызматташтыгын бекемдейт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине кино таануучу, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Гүлбара Төлөмүшова билдирди.

Анын айтымында, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары көчмөн элдердин маданиятын даңазалап, спорттук мелдештерден тартып, кол өнөрчүлөрдүн эмгектерине чейин көрсөтөт. Ал эми ШКУ саммитин утурлай ШКУга мүчө өлкөлөрдүн кинематографисттери кино тармагында алакаларды арттырууну басым жасашты.

1050748710_0_0_3073_1738_600x0_80_0_0_e23719ebe7117883dfebd63d378625d2

“Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын бизде өткөрүлүшү чоң сыймык. Ачылыш аземи Борбор Азиядагы эң ири стадиондун бири болгон “Бишкек Аренада” болгону жатат. Бизге Көчмөндөр оюндарынын кайрадан келиши кубаныч тартуулап жатат. Дүйнө жүзүнө өлкөнү тааныта турган оюндарга ийгиликтерди каалайбыз. Ошондой эле айта кетсем, быйыл ШКУга Кыргызстан төрагалык кылып жаткандыктан, уюмга мүчө мамлекеттер ортосунда маданий алакаларды бекемдөөгө да өзгөчө көңүл бурулду десек болот. Бул өлкөлөрдүн кинематографисттери Чолпон-Атадагы “Чолпон” кинотеатрынын аянтчасында өткөн кинофестивалга чогулушту. Анда сынактык тасмалардын, ошондой эле популярдуу кыргыз тасмаларынын көрсөтүлдү. Бул фестиваль кыргыздын көрүнүктүү кинооператору жана режиссёру Кадыржан Кыдыралиевдин 90 жылдыгына арналды. Фестивалдын Гран-приси Актан Арым Кубаттын "Кара Кызыл Сары" тасмасына ыйгарылды. Фестиваль ийгиликтүү өттү. Мындай иш-чаралар элдердин достугун жана маданий кызматташтыгын бекемдейт”, - деп белгиледи Гүлбара Төлөмүшова.