Ысык-Көл, 04.09.26 /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына АКШдан 52 делегация өкүлү келди. Алардын арасында жаачылар, улакчылар жана ордочулар бар. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине америкалык жаачылар курамасынын башкы машыктыруучусу Айбек Кармыш уулу билдирди.
“Биз Америкадан Көчмөндөр оюндарына катышканы келдик. Бүгүн жаа атуу боюнча финал өтүп жатат. Төрт жаачыбыз катышууда. Оюндар кызуу өтүүдө.
Үч жылдай мурун Чикагодо жаа атуу боюнча федерация түзүп, жаачыларды топтоп, кийин башка штаттарга таратып, кыргыз жана түрк жаасын өнүктүрүүгө аракет кылып келебиз. Азыр жаа атуу менен алектенгендер аябай көбөйдү, дээрлик бардык штаттарда бар десек болот.
Бизде жыл сайын 31-августка карата “Ынтымак кубогу” өтөт. Быйыл Чикагодо жаа атуу боюнча чоң турнир уюштурулду. Көчмөндөр оюндарында да жаачылардын саны абдан көп экен. Бул жакка келип, биринчиден, чоң тажрыйба алдык. Көптөгөн өлкөлөрдүн жаачылары, калыстары жана машыктыруучулары менен тааныштык. Биз үчүн абдан жемиштүү болуп жатат,”— деп белгиледи ал.
Ал ошондой эле көчмөндөр оюндарына баа берип өттү.
“Көчмөндөр оюндары аябай жакшы, жогорку деңгээлде уюштурулуптур. Деңгээли абдан көтөрүлүп, мыкты уюштурулганын көрүп жатабыз. Кудай буйруса, мындай иш-чаралар кыргыз жергесинде көп болсун. Мындай ири иш-чараларды уюштуруу туризм тармагына кошулган эң чоң салым болот. Кийинкилеринде мындан да көп туристтер келет деп ишенем”, — деди машыктыруучусу.
Ал Бишкек шаарындагы жана Ысык-Көлдөгү өзгөрүүлөргө да токтолду.
“Бишкекте көп курулуш жүрүп жатыптыр. “Бишкек Аренага” бардык. Ачылышына катышып, параддан өттүк. Арена жогорку деңгээлде салыныптыр. Бишкек да аябай жакшы өзгөрүп жатыптыр.
Ысык-Көлдө да курулуштар, пансионаттар көбөйүптүр. Жалпысынан бул жакта туризмди өнүктүрүүгө багытталган иштер жүрүп жатканына күбө болдук. Кыргызстан абдан өзгөрүп жатыптыр— деп кошумчалады Айбек Кармыш уулу.