Бүгүн Кырчында кыргыз-казак айтышынын финалы өтөт

Көчмөндөр оюндары-2026 4 сентябрь 2026 10:21
Бүгүн Кырчында кыргыз-казак айтышынын финалы өтөт
copyright icon Маданият министрлиги

Бишкек, 04.09.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосунда кыргыз жана казак акындарынын эл аралык айтышынын биринчи күнү жыйынтыкталды.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашкандай, чыгармачылык таймашка Кыргызстан менен Казакстандан келген акындар катышты. Алар чечендик өнөрүн, тапкычтыгын жана аткаруучулук чеберчилигин көрсөтүштү. Акындар өз сөздөрүндө эки элдин тарыхына, маданиятына жана салт-санаасына кайрылып, ошондой эле замандын актуалдуу маселелерин көтөрүштү.

Калыстар тобунун чечими менен кийинки этапка сегиз акын өткөн: Мухтар Ниязов, Мейирбек Султанхан, Нурлан Эсенкулов, Хазырет Бердихан, Элмирбек Иманалиев, Акматбек Султан уулу, Кутман Садыбакасов жана Нурсултан Малдыбаев.

Бүгүн айтыштын финалдык беттештери саат 13:00дө Кырчында өтөт.