Бишкек, 07.09.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары учурунда майыптыгы бар 115 жаран атайын транспорт кызматынан пайдаланды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Оюндардын өтүшүн жеткиликтүү кылуу жана майыптыгы бар жарандарды коштоп жүрүү үчүн социалдык коргоо системасынын 100гө жакын кызматкери тартылган. Алар иш-чаралар өтүп жаткан аймактарда багыт алууга көмөктөшүп, зарыл болгон консультацияларды беришкен.
Мындан тышкары, майыптык арабасын колдонгон жарандарды ташуу үчүн Медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын 10 унаасы бөлүнгөн. Алар жарандарды "Газпром" спорттук комплексиндеги иш-чаралар өтүүчү жерлерге жеткирүүгө көмөктөшкөн.
Ошондой эле оюндар учурунда ишеним телефону иштеп, ага 1,3 миңге жакын консультациялык кайрылуу түшкөн. Адистер жеткиликтүү инфраструктура жана иш-чаралар өтүп жаткан аймактарда багыт алуу боюнча маалымат беришкен.
Министрликтин маалыматына ылайык, атайын транспорт кызматынан Кыргызстандын жарандары менен катар чет өлкөлүк коноктор да пайдаланган.