Сузакта милициядан жабыркаганын айткан жаранга акыйкатчы жардам берди

Коом 14 октябрь 2026 16:25
Сузакта милициядан жабыркаганын айткан жаранга акыйкатчы жардам берди

Бишкек, 14.10.26. /Кабар/. Акыйкатчы кыйноого кабылганын билдирген жаранга көмөк көрсөттү. Бул тууралуу Акыйкатчы институту билдирет.

Маалыматка ылайык, акыйкатчынын Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери № 53 тергөө абагында кармалып турган жарандын кыйноого кабылганы тууралуу арызы боюнча Стамбул протоколун түзүүгө жана медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүүгө көмөк көрсөтүштү.

2026-жылдын 9-октябрында жүргүзүлгөн мониторинг маалында карантиндик бөлүмдө кармалып турган 48 жаштагы А.Т.Т. акыйкатчы Жамиля Жаманбаевага кайрылган. Буга чейин, 28-сентябрда Сузак районунун Сары-Булак айылында кармалган жаран Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси ("Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу") боюнча шектелүүдө.

Арыздануучунун айтымында, Сузак РИИБинин ыкчам кызматкери сурак учурунда ага күч колдонуп, күнөөсүн мойнуна алууга мажбурлаган. Андан соң Октябрь айылдык милиция бөлүмүндө эки күн бою тамак-ашсыз кармашкан. Ал эми 3-октябрда РИИБде кайрадан физикалык зомбулук көрсөтүлүп, дубинка жана кол менен башына, көкүрөгүнө, кулагына урушкан.

Жаран акыйкатчыдан милиция кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерине юридикалык баа берүүнү өтүнгөн. Медициналык күбөлөндүрүүнүн жыйынтыгында Стамбул протоколу түзүлүп, тийиштүү материалдар мыйзамда каралган чараларды көрүү үчүн Жалал-Абад облустук прокуратурасына жөнөтүлдү.