Бишкек, 06.10.26. /Кабар/. Жогорку окуу жайлардын карызы бар же окуудан чыгарылган студенттердин өздүк документтерин (аттестат, диплом) кайтарып бербей, күрөө катары кармап калуусу — мыйзамга каршы келет. Бул тууралуу Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева билдирди.
Акыйкатчы институтунун маалыматына караганда, жыл башынан бери ушундай маселе боюнча үч жаран кайрылган. Алсак, Ош мамлекеттик университети окуу акысын төлөбөгөн эки жарандын документин бербей келсе, И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы окуудан чыгарылган студенттен 70 353 сом мамлекеттик чыгымды талап кылып, аттестатын кармап турган.
Жамиля Жаманбаева белгилегендей, "Күрөө жөнүндө" мыйзамга ылайык, жарандардын өздүк документтери күрөө предмети боло албайт. Ал эми окуу жай менен студенттин ортосундагы каржылык талаш-тартыштар башка жарандык-укуктук жолдор менен гана чечилиши зарыл.
"Акыйкатчы институту Башкы прокуратурага кайрылгандан кийин, ОшМУда кармалып турган документтер ээлерине кайтарылды. Ал эми Медициналык академияга байланыштуу кайрылуу учурда укук коргоо органдары тарабынан каралууда",-деп белгиленет маалыматта.