Көчмөндөр оюндары: Маданий мурас гана эмес, дүйнөгө жол ачкан экономикалык трамплин

Көчмөндөр оюндары-2026 Загрузка... 09 Июль 2026 11:30
ecc23a0b-551c-4939-ba73-677abd923603_w1080_h608_s.avif

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин президенттеринин 25 жылдык мааракелик саммитин жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын, Кыргызстандын эгемендигинин 35 жылдык мааракесин бир убакта өткөрүү өлкө тарыхындагы эң эле масштабдуу эл аралык окуя болгону турат. Биринчи жолу Бишкек бир эле маалда 20дан ашык президентти, бардык континенттин 100дөй өлкөсүнөн 3000ден ашуун этноспортчуну жана миңдеген туристти кабыл алат. Дал ушул Көчмөндөр оюндарынын дымагы быйыл ШКУга жана дүйнөгө кеңири көрсөтүлгөнү турат. Этнотурнирдин мааниси эл аралык деңгээлде таанылып, аны өткөрүүгө ЮНЕСКО патронаждык кылмай болду. Ал эми эксперттер көчмөндөр оюндарынын потенциалы спорт жана маданият менен чектелбей турганын белгилешүүдө.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанга кеңири мүмкүнчүлүктөрдү бере турган долбоор экенин серепчилер байма-бай белгилеп келишет. Анын үстүнө Көчмөндөр оюндары 10 жылдан ашык убакыт ичинде камтыган аймагын жана калкын 4-5 эсе кеңейтти. Жаңы башталган 2014-жылы 19 өлкөдөн 600гө жетпеген оюнчу катышкан. Спорттун түрлөрү 10дон ашкан эмес. Ал эми быйыл, 2026-жылы дүйнөнүн бардык континенттеринин 100дөй мамлекетинен 3000ден ашуун спортчу келери күтүлүүдө. Спорттук программа рекорддук 43 түр боюнча өтөт.

202504171557-no3tmbvDW8

Бул оюндардын арты менен Кыргызстан тарыхы көчмөн цивилизациясы менен байланышкан Борбор Азия, күчтүү маданияты бар Иран, Пакистан, Кытай, Афганистан, Түркия, Монголия, Россия менен алаканы кеңейтти. Ошондой эле Түндүк жана Түштүк Америка континенттеринин АКШ, Бразилия, Аргентина, Перу сымал өлкөлөрү кошулду. Европанын Франция, Германия, Норвегия, Нидерланддар баштаган биринчи экономикаларынын өкүлдөрү, Африка менен Азиядан Араб Эмираттары, Нигерия, Индонезия, Индия келип ойноп жатат. Австралиялык этно оюнчуларды да кызуу катышуучулар экенин белгилеп кетүү керек.

Бир эле Россия 230 спортчудан турган күчтүү командасын жиберүүдө. Бул мамлекеттин Улуттук жана олимпиадалык эмес спорт түрлөрү боюнча комитети VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына улуттук курама командалардын тизмеси толукталганын расмий жарыялады.

4xl
“Россиянын командасы Кыргызстанда өтө турган эл аралык оюнда эң чоң өкүлдөрдүн бири болмокчу. Биздин атлеттер спорттун бардык 43 түрү боюнча медалдар үчүн күч сынашып, өлкөбүздүн маданий мурастарынын кайталангыс көп түрдүүлүгүн көрсөтүшөт. Команданын географиялык абалы таасирдүү: Россия Федерациясынын 33 субъектинин өкүлдөрү өлкө намысын коргошот”, — деп билдирди Россиянын спорт комитети.

Өнөктөш өлкө белгилегендей, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары бул мамлекеттерге нукура улуттук тарыхый оюндарын жана иденттүүлүгүн дүйнөгө көргөзүү үчүн платформа болуп берүүдө. Эл аралык деңгээлде мындай форматтагы башка аянт жок деп ишенимдүү айтса болот.

Бул арада этноспортту өнүктүрүү жана элдик салттарды сактоого багытталган бир нече глобалдуу жана аймактык аянтчалар бар. Мисалы, TAFISA Дүйнөлүк оюндары биздикине окшошуп кетет. Айырмасы, ал дүйнөнүн ар кайсы бурчунан салттуу оюндардын баарын иргебестен чогултат. Ал эми Американын индейлери, маори, австралиялык аборигендер, африкалык уруулар Түпкүлүктүү элдердин дүйнөлүк оюндарына биригишкен.

Түндүктүн Аляска, Гренландия, Канаданын жана Скандинавия сымал түпкү элдери Арктикалык кышкы оюндарга чогулуп келет. Түркия Эл аралык этноспорт фестивалын, Шотландия “Тоолуктардын оюндары” этноспорт фестивалын уюштурат. Ал эми Кыргызстандын Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары көчмөн маданиятына басым жасап, масштабы боюнча (90-100 өлкө) уникалдуу болуп эсептелет. Анын маанилүү эл аралык демилге экени таанылып, тастыкталып, натыйжада ЮНЕСКО 2026-жылдагы оюндарга патронаждык колдоо көрсөтөрүн жарыялады.

f14d3998-7528-35eb-a61a-8627283fd91b.jpg
“Бул эл аралык катышууну кеңейтүүгө жана Кыргызстандын маданий мурасын дүйнөлүк деңгээлде мындан ары да илгерилетүүгө кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт”, — деп билдирди Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги.

ШКУнун саммитине жана этно оюндарга четтен келген бийлик өкүлдөрү, бизнес коомчулугу, эл аралык уюмдар жана капчыктуу инвесторлор эң алды Кыргызстандын абалына, инвестициялык, ишкердик потенциалына баам салышат. Бул жагынан алганда Кыргызстандын уучу куру эмес. Өлкө Европа менен Азияны байланыштырган географиялык абалынан экономикалык пайда көрүү аракетинде. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан стратегиялык темир жолу, "Камбар-Ата-1", "Куланак" баштаган кубаттуу энергетикалык долбоорлорду, логистикалык хабдарды, терминалдарды курууда. Дүйнөлүк соода жолдоруна туташуу аракетин көрүүдө. Европанын асман жолдору ачылды. Кытай сымал ири инвесторлор күн, шамал энергетикасына 1 миллиард долларга чейин инвестиция салаарын билдиришти. Бир сөз менен айтканда, биздин өлкө масштабдуу жана аймактар аралык стратегиялык долбоорлорду ишке ашырууга жөндөмдүү экенин көрсөтүп жатат. Ошол эле убакта Кыргызстандагы эле эмес Борбор Азиядагы саясий туруктуулуктан кабар берүүдө. Жогоруда аталган жагдайлар ири инвесторлор үчүн маанилүү.

1918833043.jpg

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын көчмөн цивилизациясынын эле эмес дүйнөлүк этно спорттун ири платформасы жана Кыргызстандын жумшак күчү болуу потенциалы жогору. Мындай пикирин аталган оюндардын башатында тургандардын бири, туризм боюнча серепчи Максат Чакиев билдирди.

WhatsApp Image 2026-07-09 at 10.25.39
“Олимпиадалык оюндар, дүйнөлүк чемпионаттар Европанын же акционерлердин жумшак күчү болуп эсептелинет. Канча деген мамлекеттер дүйнөлүк абройлуу мелдештерге катышуу үчүн оюндардын ээлери менен сүйлөшкөнгө, кызматташканга, саламдашканга аракет кылышат. Ошол сыңары биз да жумшак күч катары улуттук оюндарды бириктирген этноолимпиадалык оюн болсун деп Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жаратканбыз. Мисалы, корейлер Сирым күрөшүн дүйнөгө чыгара албай жатышат. Көчмөн оюндары бул үчүн платформа болуп берсе, корейлер эбегейсиз инвестицияларды салууга даяр. ДКО кыргыз мамлекетинин жумшак күчү катары экономикалык кызыкчылыгыбызды таратууга, маданият, туризм, креатив экономикасын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт. Креатив экономика демекчи, кол өнөрчүлүк, маданият баштаган өзгөчөлүктөрүбүздү өнүктүрүп, монетизация кылсак болот. Бир эле мисал, этномода индустриясын колго алып Батышка чыгаруу менен экономикалык коммерциялык пайда табабыз. Азыр көчмөндөр оюндарын фестиваль эмес, жумшак күч катары колдонсок, ошол эле ШКУ мамлекеттеринин интеграциялык долбоору, ШКУ спортунун ордосу болот”, — деди туризм боюнча эксперт Максат Чакиев.

Эл аралык мамилелер боюнча эксперт Бакыт Бакетаев олимпиада болобу, чемпионат болобу алдыңкы орундарда өңчөй өнүккөн мамлекеттер турарын белгиледи. Спорт алардын мүмкүнчүлүктөрүн дагы да кеңейтип жатканын айтып, бул жагынан көчмөн спортунун да потенциалы күчтүү экенин билдирди.

WhatsApp Image 2026-07-09 at 10.24.35
“Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары камтыган калктар жана аймактар дагы да кеңейе берет. Анткени кеңири мүмкүнчүлүктөрү бар. Бул жолу оюндарды ШКУ президенттеринин саммитине топчулап койгону абдан туура болду. Кытай, Орусия, Индия сымал державалардан турган ШКУну бүткүл дүйнө, эл аралык саясий, финансылык институттардын баары билет. Уюштурулуп жаткан эл аралык, дүйнөлүк деңгээлдеги кыймыл-аракеттер сөзсүз эффектисин берет.
Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатты алалы. Буга чейин Кабо-Верде деген өлкө бар экенин эч ким билчү эмес. Футболчулары күчтүү командаларды жеңип чыкты эле, дүйнө эли анын аралдары дайвинг баштаган суу оюндарына ылайыктуу жана уникалдуу маданият экенин билип, кызыгып жатышат. Ал эми Дүйнөлүк Олимп оюндары Грециядан чыккан болсо, көчмөн оюндардын атасы — Кыргызстан”, — деди эл аралык мамилелер боюнча эксперт Бакыт Бакетаев.

Эксперттин пикиринде, биздин чөлкөм сырттан таңууланган айрым терс стереотиптерди жоюп, чыныгы тарыхын, көчмөн философиясын жана азыркы турпатын көрсөтө алат. Анын ичинен Кыргызстан “көчмөн цивилизациянын сакчысы” макамына татыктуу экени талашсыз.

1041140946_0_197_3067_1922_1920x0_80_0_0_285689b13b3bac356d593d840e1a0e2e

Айтмакчы, бул этнооюндар аймактык талашка калган учурлар да болгон. Буга байланыштуу Кыргызстанда менчик укуктарын камсыздоо үчүн көчмөн оюндардын өзгөчө статусун мыйзамдаштыруу демилгеленген эле. Демек, этнооюндар жөн эле шаан-шөкөт той эмес, Кыргызстан көрсөтүп жаткан дымактын символикалык белгиси. Бул мелдеш тарыхыбызды, маданиятыбызды, баалуулуктарыбызды даңазалоо менен коомду бириктирип, көксөгөн марага жеткире турган сыймыктуу мелдеш.