Бишкек, 03.09.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосунда жөө жаа атуу боюнча мелдештер кызуу өтүп жатат.
Жөө жаа атуу боюнча башкы протокол калысы Исхак Токоновдун айтымында, мелдешке 51 өлкөдөн жалпы 215 спортчу катышууда. Алардын 115и эркек, 81и аял спортчу.

“Мелдеш үч багыт боюнча өтүүдө. Кыргыз бутасында эркектер жана аялдар 40 метр аралыктагы теке сымал бутага атышат. Түрк бутасында аялдар 60 метрден, эркектер 70 метрден күч сынашса, корей бутасында спортчулар 145 метр аралыктагы бутаны көздөйт”, - деди ал.
Анын айтымында, учурда аялдар арасында финалдык беттештер өтүп жатат. Кыргыз бутасы боюнча Кыргызстандын эки спортчу финалга чыкты. Ошондой эле Кыргызстандын бир аял спортчусу финалга чыгуу алдында турат.
Жөө жаа атуу мелдеши VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы эң кызыктуу жана атаандаштык күчтүү мелдештердин бири болууда.
Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргызстанда өтүүдө. Ачылыш аземи 31-августта борбор калаадагы "Бишкек Арена" стадионунда орун алды. 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин оюндар Ысык-Көл облусунда өткөрүлүп, ага 109 өлкөдөн 3000ден ашуун спортчу катышууда.
"Кабар" маалымат агенттиги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык маалыматтык өнөктөшү катары дүйнө көчмөн элдеринин мурасын сактоого жана даңазалоого багытталган ири этномаданий жана спорттук иш-чараны ыкчам жана көп тилдүү маалыматтык чагылдырууну камсыз кылат.
"Кабар" 1937-жылы негизделген Кыргызстандын алгачкы маалымат агенттиги. Агенттик кыргыз, орус, англис, араб, түрк жана кытай тилдеринде жаңылыктарды таратып, Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы маанилүү окуяларды чагылдырат.