Ысык-Көл, 01.09.26 /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы маданий программа бардык локацияларда уюштурулуп, күн сайын 500дөн ашык иш-чара өткөрүлөт. Бул тууралуу оюндун маданий программасынын башкы режиссёру Алтынбек Максүтов маалымат жыйынында билдирди.
Ал белгилегендей, алардын катарында концерттер, көргөзмөлөр, улуттук оюндар, каада-салттарды жана кол өнөрчүлүктү таанытуу, эл аралык жана республикалык сынактар, мастер-класстар бар.
“Иш-чаралар күн сайын саат 10:00дөн 22:00гө чейин өтөт. Конокторго жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө маалымат берүү үчүн ири локациялардын ар биринде атайын топтор иштейт.
Ар бир локацияда уюштуруучулар туруктуу иштеп, өтүп жаткан иш-чаралар тууралуу маалымат берип турушат. Бул өзгөчө маанилүү, анткени чоң аянтчаларда бир убакта ондогон иш-чара өтүшү мүмкүн.
Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда ат оюндары жана “Көчмөндөр жаңырыгы” эл аралык этнофестивалы өтөт.
Ал эми “Рух Ордо” маданий борборунда ар кайсы өлкөлөрдөн келген белгилүү аткаруучулардын катышуусунда “Көчмөн санаты” салттуу музыка фестивалы уюштурулат. “Дордой-Номад” маданий-этнографиялык борборунда Nomad Fest эл аралык музыкалык-этнографиялык фестивалы өтөт.
Мындан тышкары, оюндардын алкагында эл аралык жана республикалык сынактар, көргөзмөлөр, чыгармачылык жолугушуулар жана башка маданий иш-чаралар өткөрүлөт”, — деди Максүтов.