Бишкек, 06.09.26. /Кабар. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында медалдык эсеп боюнча Кыргызстан биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу оюндардын медиаштабынан билдиришти.
Кыргызстандын курама командасы жалпы 72 медаль — 30 алтын, 29 күмүш жана 13 коло байге утту.
Медалдык эсептин алдыңкы саптарында:
- Кыргызстан — 30 алтын, 29 күмүш, 13 коло — жалпы 72 медаль;
- Казакстан — 29 алтын, 16 күмүш, 20 коло — жалпы 65 медаль;
- Россия — 7 алтын, 7 күмүш жана 20 коло — жалпы 34 медаль;
- Иран — 4 алтын, 3 күмүш, 8 коло — жалпы 15 медаль;
- Өзбекстан — 3 алтын, 5 күмүш, 12 коло — жалпы 20 медаль;
- Монголия — 3 алтын, 3 күмүш, 17 коло — жалпы 23 медаль;
- Түркмөнстан — 2 алтын, 3 күмүш, 6 коло — жалпы 11 медаль;
- Тажикстан — 2 алтын, 3 коло — жалпы 5 медаль;
- Молдова — 1 алтын, 4 күмүш — жалпы 5 медаль;
- Гана — 1 алтын, 1 күмүш — жалпы 2 медаль;
- Франция — 1 алтын, 1 коло — жалпы 2 медаль;
- Түштүк Корея — 1 алтын — жалпы 1 медаль;
- Кытай — 4 күмүш, 1 коло — жалпы 5 медаль;
- Грузия — 2 күмүш, 1 коло — жалпы 3 медаль.

Ошондой эле Польша, АКШ, Сауд Аравиясы жана башка өлкөлөрдүн спортчулары байгелүү орундарга ээ болушту. Жалпысынан медалдык эсепке 30 мамлекет кирди.
Кыргызстан тогуз коргоол, таяк тартыш (мас-рестлинг), алыш, кыргыз күрөшү, ат чабыш жана көк бөрү сыяктуу улуттук спорт түрлөрүндө жогорку жыйынтыктарды көрсөтүп, жалпы командалык эсепте биринчи орунду камсыздады.