Айсулуу Тыныбекова: Спортчулардын жеңиши — жалпы кыргыз элинин жеңиши

6 сентябрь 2026 16:10
Айсулуу Тыныбекова: Спортчулардын жеңиши — жалпы кыргыз элинин жеңиши
copyright icon Кабар

Ысык-Көл, 06.09.26. /Кабар/. Кыргызстандын күрөш федерациясынын аялдар күрөшү боюнча вице-президенти, UWW спортчулар комиссиясынын мүчөсү, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген спорт чебери Айсулуу Тыныбекова VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында биринчи жолу көк бөрү боюнча мелдешти атайын келип көргөн. Ал оюндан алган таасири менен ”Кабар“ агенттигине бөлүштү.

Спортчунун айтымында, беттеш ага өзгөчө эмоция тартуулап, Кыргызстандын курама командасынын жеңиши сыймыктанууга себеп болду.

”Мен көк бөрүнү VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында биринчи жолу түз көрүп жатам. Бүгүн оюнга келип калганыбызга мүмкүнчүлүк болду. Беттеш абдан жогорку деңгээлде өттү. Мен үчүн бул жерде жөн гана күйөрман катары отуруу да оңой болгон жок. Эл абдан көп, эмоциялар күчтүү экен”, — деди Тыныбекова.

Ал беттеш учурунда кыргызстандык улакчылар үчүн катуу күйөрмандык кылганын, айрыкча спортчулар аттан кулап кеткен учурларда тынчсызданганын айтты.

”Биздин спортчулар кезектеги улакты тайказанга салганда, албетте, аябай кубандым. Ар бир көз ирмем чыңалуу менен өттү. Чынын айтсам, кээде коркуп да кеттим. Спортчулар катуу кулап, бири-бири менен кагылышып жатышты. Алардын эч кимиси жаракат алган жок деп үмүттөнөм. Оюндан кийин баарынын абалы жакшы болсо экен”, — деди ал.

Тыныбекова кыргызстандык спортчулардын жеңиши жалпы элдин жеңиши катары кабыл алынарын белгиледи.

”Биздин спортчулар жеңишке жетсе, демек, баарыбыз жеңишке жеттик. Олимпиада оюндарында жана дүйнөлүк ареналарда спортчуларыбыз ушундай ийгиликтерге жетишкенде, бардык кыргызстандыктар сыймыктанат. Азыр мен дал ушул сезимди башымдан өткөрүп жатам”, — деди ал.

Ошондой эле Айсулуу Тыныбекова VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жогорку деңгээлде уюштурулуп жатканын белгилеп, өлкө менен сыймыктанарын айтты.

”Мен абдан сыймыктанам. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда абдан жогорку деңгээлде өтүп жатат. Ачылыш аземи да мыкты уюштурулган. Тилекке каршы, кичинекей балам менен болгондуктан, ага жеке катыша алган жокмун, бирок экрандан көрдүм. Кыргызстанда ачылыш аземи жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын өзү мынчалык жогорку деңгээлде өтөт деп ким ойлоптур? Өлкөбүздүн ушундай деңгээлге жеткенине абдан сыймыктанам. Азыр бизди бүт дүйнө көрүп турат”, — деп кошумчалады Айсулуу Тыныбекова.