Манас Ниязов: Таза ойноп, адилеттүү жеңишке жеттик

Көчмөндөр оюндары-2026 6 сентябрь 2026 15:55
Манас Ниязов: Таза ойноп, адилеттүү жеңишке жеттик
copyright icon Кабар

Ысык-Көл, 06.09.26. /Кабар/. Беттеш абдан оор өттү, казак бир туугандар оюнга жакшы даярдык менен келишти. Бул тууралуу ”Кабар“ агенттигине Кыргызстандын көкпар боюнча курама командасынын капитаны Манас Ниязов билдирди.

Анын айтымында, Казакстандын курама командасы күчтүү атаандаш болуп саналат.

”2024-жылы бир аз ката кетирип, жеңилип калганбыз. Бүгүн таза ойноп, адилеттүү жеңишке жеттик”, — деди Манас Ниязов.

Журналисттин оюн учурунда катуу жыгылганы жана учурда абалы жакшы экени тууралуу суроосуна Манас Ниязов мындай учурлар спортто көп кездешерин жана спортчулар мындай жыгылууларга көнүп калганын айтты.

Эске салсак, бүгүн, 6-сентябрда Чолпон-Ата шаарында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында көк бөрү жана көкпар боюнча финалдык беттештер өттү.

Анда Кыргызстан менен Казакстандын курама командалары кез келип, көк бөрү оюну боюнча 12:0 эсебинде, ал эми көкпар оюну боюнча 7:2 эсебинде Кыргызстан командасы жеңишке жетти.