Курманжан датка борборунда илимий конференция боюнча брифинг өттү

Көчмөндөр оюндары-2026 3 сентябрь 2026 13:35
Курманжан датка борборунда илимий конференция боюнча брифинг өттү
copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 03.09.26 /Кабар/. Өрнөк айылындагы Курманжан датка атындагы Көчмөндөр цивилизациясы борборунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүп жаткан “Көчмөндөр цивилизациясы: мурастары, парадигмасы жана келечеги” эл аралык илимий конференциясынын алкагында жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн брифинг уюштурулду.

Брифинг мамлекеттик катчы Арслан Койчиев катышуусунда өтүп, анда конференция секцияларынын жетекчилери өздөрү жетектеген секцияларда талкуулана турган негизги темалар жана изилдөө багыттары тууралуу кенен маалымат беришти.

Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова брифингдин жүрүшүндө эл аралык конференцияга дүйнөнүн 28 мамлекетинен мамлекеттик башкаруу жана тарыхый-маданий мурастарды изилдөө багытында эмгектенген белгилүү илимпоздор жана кадырлуу адистер катышып жатканын маалымдады.

Министр конференция көчмөн цивилизациясынын тарыхын, мурасын жана азыркы илимий изилдөө багыттарын талкуулоо үчүн маанилүү эл аралык аянтча болуп саналарын белгиледи.

"Кабар" маалымат агенттиги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык маалыматтык өнөктөшү катары дүйнө көчмөн элдеринин мурасын сактоого жана даңазалоого багытталган ири этномаданий жана спорттук иш-чараны ыкчам жана көп тилдүү маалыматтык чагылдырууну камсыз кылат.

"Кабар" 1937-жылы негизделген Кыргызстандын алгачкы маалымат агенттиги. Агенттик кыргыз, орус, англис, араб, түрк жана кытай тилдеринде жаңылыктарды таратып, Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы маанилүү окуяларды чагылдырат.