Ысык-Көл, 03.09.26 /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Өрнөк айылындагы Курманжан датка атындагы Көчмөндөр цивилизациясынын борборунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы “Көчмөндөр цивилизациясы: мурастары, парадигмасы жана келечеги” эл аралык илимий конференциясынын катышуучулары “Бир түндүктүн алдында — илимдин бирдиктүү мейкиндиги” боз үйдүн түндүгүн көтөрүү аземи өттү.
Аталган аземде боз үй кыргыз элинин салттуу турак жайы гана эмес, биримдиктин, муундардын уланмалуулугунун жана билим менен салттын символу катары көрсөтүлдү.
Аземдин жүрүшүндө конференцияга катышкан ар кайсы өлкөлөрдүн өкүлдөрү боз үйдүн ууктарын түндүккө бириктирип, өз өлкөлөрүнүн желектерин көтөрүштү. Бул көрүнүш эл аралык илимий кызматташтыктын жана ар түрдүү илимий мектептердин бирдиктүү диалогунун символу катары белгиленди.
Иш-чарада байыркы кыргыз салты заманбап илимий кызматташтык менен айкалышып, боз үйдүн түндүгү илимдин жана биримдиктин символу катары бааланды.
Аземдин соңунда уюштуруучулар көп өлкөнүн өкүлдөрүн бириктирген бул символдук иш-чара жаңы идеялардын жаралышына, илимий изилдөөлөрдүн өнүгүшүнө жана маданияттар аралык диалогдун бекемделишине өбөлгө болорун белгилешти.