Бишкек, 15.08.26. /Кабар/. Эртең, 16-августта VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине даярдануу иштерине байланыштуу “Бишкек Арена” стадиону тараптагы бир катар көчөлөрдө унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.
Мэриядан билдиришкендей, чектөө саат 11:00дөн 19:00гө чейин болот.
Убактылуу чектөөлөр киргизиле турган көчөлөр:
* Аалы Токомбаев проспектиси — Чортеков көчөсүнөн Барпы Алыкулов көчөсүнө чейинки аралыкта;
* Д. Күйүкова көчөсү — Чортеков көчөсүнөн Махатма Ганди көчөсүнө (мурунку Муромская көчөсү) чейинки аралыкта;
* Эр-Тайлак көчөсү — Чортеков көчөсүнөн Арча-Бешик көчөсүнө чейинки аралыкта.
Чектөөлөр ачылыш аземинин даярдануу иштерин тоскоолдуксуз өткөрүү максатында киргизилет.
Мэрия тургундардан жана борбор калаанын конокторунан каттамдарын алдын ала пландап, мүмкүн болушунча альтернативдүү жолдорду тандап, жол кырдаалындагы мүмкүн болгон өзгөрүүлөрдү эске алууну өтүнөт.