Бишкек, 19.08.26. /Кабар/. Бишкек шаарында 31-августта VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышында шаар тургундары жана меймандары үчүн фан-зоналар уюштурулат.
Муниципалитеттен билдиришкендей, бул жайларда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземин жана эл аралык саммиттин негизги иш-чараларын түз эфирде көрүүгө болот.
Негизги фан-зона Ала-Тоо аянтында жайгашат. Мындан тышкары, түз эфирлерди көрүү үчүн борбор калаанын төрт районунда тең атайын аянтчалар уюштурулат.
Октябрь району:
- Тунгуч кичи районундагы "Тунгуч-1" сквери;
- "Ынтымак-2" паркынын амфитеатры.
Ленин району:
- Фучик атындагы парк;
- Ак-Өргө конушундагы "Ашар" паркы;
- Жал кичи районундагы "Муун" сквери.
Биринчи май району:
- Ч. Түлөбердиев атындагы парк — Көкчөтай жана Түлөбердиев көчөлөрүнүн кесилиши;
- Токтоналиев көчөсү, 62 дарегиндеги спорт комплекси;
- Ак-Босого конушундагы сквер — Чүй көчөсү, 52.
Свердлов району:
- "Алга" спорт комплекси — Үсөнбаев көчөсү, 200/1;
- №66 орто мектеп — Восток-5 кичи району, 1а;
- №21 орто мектеп — Энесай 1-көчөсү, 1.
Белгиленгендей, түз эфирлер башталганга чейин коноктор үчүн кыргыз эстрада ырчыларынын жана чыгармачыл жамааттардын катышуусунда концерттик программалар тартууланат. Ошондой эле аянтчаларда фотозоналар, көргөзмө жайлары, фуд-корттор жана эс алуу зоналары иштейт.
Коноктор үчүн улуттук оюндардан — тогуз коргоол, чүкө жана беш таштан — турган интерактивдүү программа да даярдалат.
Фан-зоналардын иштөө убактысы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана ШКУ саммити жакындаганда кошумча жарыяланат.