Бишкек, 03.08.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасынын алкагында ”Каада-салт жана үрп-адат“ республикалык сынагы өттү. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган сынакка Апаз Жайнаков атындагы облустук музыкалык драма театрынын артисттери катышып, кыргыз элинин ”байбиче көтөрүү“ салтын сахналаштырды.
”Байбиче көтөрүү” — элдик салт-санаада өзгөчө мааниге ээ болгон, улууну урматтоо, акылмандыкты баалоо жана коомдогу улуу муундун ордун даңазалоо түшүнүктөрүн камтыган жөрөлгөлөрдүн бири.
Театр артисттери бул салтты сахналаштыруу аркылуу анын мазмунун, тарбиялык маанисин жана кыргыз элинин салттуу дүйнө таанымындагы ордун көркөм чагылдырып беришти.