Көчмөндөр оюндары 100-120 млн доллардан ашык киреше алып келет – Кубатов

Көчмөндөр оюндары-2026 1 сентябрь 2026 18:10
Көчмөндөр оюндары 100-120 млн доллардан ашык киреше алып келет – Кубатов
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Ысык-Көл, 01.09.26 /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандын экономикасына 100-120 миллион доллардан ашык киреше алып келет. Бул тууралуу Кыргызстандын Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Эдуард Кубатов маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, быйылкы оюндарга 109дан ашуун өлкөдөн 3 миңден ашык спортчу катышууда.

“VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанга, башкача айтканда, оюндар өз жолун баштаган жерге кайтып келди. Биз Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары кайрадан Кыргызстанга, ыйык Ысык-Көл жергесине келгенине кубанычтабыз.
Оюндар дүйнөлүк рекорддорду жаңыртып жатат. 109дан ашуун өлкө катышып, 3 миңден ашык спортчу келди. Мындай сандагы катышуу буга чейин Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында болгон эмес. Ушул жетишкендик менен баарыбызды куттуктагым келет.
Оюндардын алкагында алты күндүн ичинде беш локацияда спорттук жана маданий иш-чаралар өтөт. Биз алты күндүн ичинде беш локацияда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 200 миңге жакын турист келет деп күтүп жатабыз. Кечээ Бишкек шаарындагы “Бишкек Аренада” өткөн салтанаттуу ачылыш аземине 30 миңге жакын көрүүчү катышты. Менимче, бул Көчмөндөр оюндары үчүн абдан жакшы башталыш болду.
Ошондой эле биз көчмөндөр оюндарынан экономикага 100-120 миллион доллардан ашык киреше алып келет деп болжолдоп жатабыз. Бирок оюндардын негизги таасири кийин байкалат. Анткени 100дөн ашык өлкөдөн келген медиа өкүлдөрү, блогерлер Кыргызстан тууралуу, биздин өлкө көчмөндөр цивилизациясынын борбору экендиги жөнүндө дүйнөгө айтып беришет”, — деди агенттиктин директору.