“Көчмөндөр даамы”: Баткен улуттук тамак-аштын 60 түрүн сунуштады

Көчмөндөр оюндары-2026 3 сентябрь 2026 10:10
“Көчмөндөр даамы”: Баткен улуттук тамак-аштын 60 түрүн сунуштады
copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 03.09.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасынын алкагында “Көчмөндөр даамы” республикалык улуттук ашкана сынагы өттү.

Баткен облусундагы өкүлчүлүктөн маалымдашкандай, сынакта улуттук тамак-аштар аркылуу аймакта кылымдардан бери калыптанган тамак-аш маданияты, салт-санаасы жана жашоо образы кеңири чагылдырылган. Ар бир даамдын даярдалышы өзүнө таандык ыкмаларга, жергиликтүү азык-түлүктөргө жана муундан-муунга өтүп келген салттуу тажрыйбага негизделет.

Сынак көчмөн элдердин улуттук тамак ашын сактоо, жайылтуу жана өнүктүрүү максатын көздөйт.