Көчөдө бала өзүн кандай алып жүрүүсү керек? Ата-энелерге кеңеш

Коом Загрузка... 16 Июнь 2025 16:06
deti-na-doroge-2.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014 (1).webp
copyright icon WWW

Бишкек,16.06.25./Кабар/. Балдар табиятынан баёо, ишенчек, бардык нерсеге дайыма кызыгуусу артып тургандыктан, тобокелчиликтерди ар дайым эле туура баалай алышпайт.

Психологдор коркунучтарды өз убагында тааный билип, аларга туура реакция жасоо – чоң адамдын жардамы менен гана үйрөнө турган жөндөм экендигин белгилешет.

Мындан улам бала менен кандай сүйлөшүү керек деген суроо туулбай койбойт.

Балага акырын жана жалпак тил менен түшүндүрүү кажет.

Коркутуп, ашыкча майда-чүйдө маалыматтарды айтпай эле койгон оң. Сүйлөшүү жагымдуу маанайда өтүшү керек, жашоодон алынган мисалдар же жомоктогу жагдайлар менен коштолгону туура.

Жаш курагы эсепке алынышы керек:

3–5 жаш: жөнөкөй сөздөр, оюн жана жомоктор.

6–9 жаш: эрежелерди талкуулоо, жагдайларды оюн аркылуу көрсөтүү.

10+ жаш: бул курактагыларга коркунучтардын кесепеттерин түшүндүрүп, болуп өткөн окуялардан мисал келтирүүгө болот.

Бир гана жолу эмес, туруктуу түрдө айтып туруу кажет

Коопсуздук – кайра-кайра кайрыла турчу темалардын бири. Улам-улам кайталап айта берүү баланын эсинде бекем сакталат.

Эмнелер жөнүндө айтылышы керек?

Чоочун адамдар жөнүндө

Канчалык кызыктуу нерсе көрсөтөм десе дагы же «сени алып кетүүгө ата-энең жиберди» деп айтса дагы чоочун адамды эч качан ээрчип кетүүгө болбойт экендигин түшүндүрүү.

Чоочун унаага отурууга болбойт

Эгер чоочун адам кармаганга аракет кылса, кыйкырып, жардам сурап, дароо качуу керек.

Бала адашып кеткен учурда:

Бир жерде туруп туруу же жардам сурап милиция, күзөт кызматкерлерине же форма кийген сатуучуларга кайрылуу керек.

Бала ата-энесинин ысымын, фамилиясын жана телефон номерин жатка билүүсү зарыл.

Кооптуу жерлер:

Жер төлөлөр, курулуш аймактарында, жолдун ортосунда, темир жолдун жанында жана суу сактагычтарда ойноого болбойт.

Жолду ар дайым жашыл жарыкта жана уруксат берилген жерден гана кесип өтүү керек.

Эгер бирөө баланын артынан келе жатса:

Жолду өзгөртүү, жакын жердеги дүкөнгө же адамдар бар жерге кирүү.

Дароо ата-энеге чалуу же чоң кишилерден жардам сурап кайрылуу.

Балдар менен төмөнкүдөй жагдайларды ролдоштуруу оюну аркылуу көрсөтүңүз:

«Эгер сага чоочун адам келип, конфет сунуштаса эмне кыласың?»

«Эгер соода борборунда жоголуп кетсеңчи?»

«Кимден жардам сураса болот, кимге ишенүүгө болбойт?»

Мындай ролдуу оюндар – баланын билгендерин бекемдөөнүн эң натыйжалуу жолу.

Бала эң оболу төмөндөгүлөрдү билиши керек:

“Эгер абал кооптуу сезилсе, чоң кишиге “жок” деп айтууга укугуң бар”.

“Коркунучтуу абалга кириптер болгондон көрө, адепсиз болуп көрүнгөнүң жакшы”.

“Эгер бир нерсе болсо же кимдир бирөө жакындаса, сөзсүз ата-энеге билдирүү керек”.

Ата-энелерге кеңеш:

Балаңызга GPS-билерик тагып бериңиз, телефон колдонууну үйрөтүңүз, маршруттар боюнча алдын ала макулдашыңыз.

Эсиңизде болсун: маалыматы бар бала — корголгон бала!