Кыргызстандын кирешесинин өсүшү өлкөдөгү мамлекеттик башкаруунун сапаты өзгөргөнүнүн башкы көрсөткүчү. Бул жолу Мамлекеттик бажы кызматы ийгиликтери менен бөлүштү. Эксперттер, саясат таануучулар 30 жылдык бажы төлөмдөрү менен акыркы беш жылдык бажы төлөмдөрү арасындагы айырманын себептерин талкуулап жатышат. Алар кирешелер натыйжалуу топтолуп, көмүскө агымдар кыскарып, мамлекеттик институттардын иштөө жөндөмдүүлүгү жогорулаганын белгилешүүдө.
Мамлекеттик бюджеттин тең жарымын камсыздап, өлкө казынасынын эки негизги тирегинин бирине айланган Бажы кызматы акыркы жылдары болуп көрбөгөндөй кирешеге чыкты. Кирешени кеңири масштабда карап көрсөк айырмачылык даана байкалат. 1991-жылдан бери 30 жыл ичинде жыйналган жалпы каражатты азыркы бажы тутуму болгону 5 жарым жылдын ичинде эселеп басып өтүп, тарыхый рекордду жаңылады.

Бул 30 жылдык тарыхтагы жалпы суммадан дагы 166,4 млрд сомго көптүк кылат. Башкача айтканда, 2020-жылдан бери бажы алымдары 5,4 эседен ашык өстү. Ал эми 2026-жылдын алгачкы жети айында алынган бажы акчалары 105,9 миллиард сомду түзүп, буга чейинки дээрлик жылдык кирешелер менен теңелди.

Мында белгилей кетүүчү бир жагдай бар. Кыргызстан 2015-жылы ЕАЭБге киргенде, Бажы кызматы ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келген импортту көзөмөлдөө функциясын Мамлекеттик салык кызматына өткөрүп берген. Натыйжада Бажы кызматына 18 млрд сомдук төлөмдөр түшпөй калган. Буга карабастан кызмат колундагы башка багыттардан түшкөн кирешени эселеп өстүрө алды.
Буга бир нече негизги саясий жана экономикалык факторлор себеп. Эң негизги себеп - бажы ишмердигинин санарипке өтүүсү. Азыркы заманбап кыргыз бажысында "Смарт бажы" улуттук маалымат системасы чек арадагы унаалардын кыймылын жана бажы процесстерин бирдиктүү санариптик мейкиндикте көрсөтүүдө. Система ачык-айкындуулукту камсыз кылуу менен бирге, чоң маалыматтарды талдап, окуяларды моделдөөгө жана проактивдүү чечимдерди кабыл алууга жол ачты.
Бул өз кезегинде эл аралык жүк ташууларды ыңгайлаштырып, чек арадан өтүүнү тездетти жана тышкы сооданын натыйжалуу болуусуна салым кошууда. Келечекте бул иштер өлкөнүн транзиттик потенциалын бекемдейт жана Кыргызстандын заманбап аймактык хабга айланышы үчүн шарттарды түзөт.
“Бул жетишкендиктер акыркы чекит эмес. Бажы кызматы бажы операцияларына болгон мамилесин өзгөртүүнү улантууда. Кийинки баскыч кызматтын 2026–2030-жылдарга өнүктүрүү концепциясы менен аныкталган. Алдыда аналитикалык куралдарды андан ары өнүктүрүү, жасалма интеллект технологияларын колдонууну кеңейтүү жана товарларды автоматтык түрдө чыгаруу механизмин ишке ашыруу турат.
Негизги кадам - Электрондук декларациялоо борборун түзүү. Бул бизнес менен бажы органдарынын ортосундагы физикалык өз ара аракеттенүүнү минималдаштырып, бажы жол-жоболорун ого бетер ыңгайлуу, тез жана ачык-айкын кылат. Бул көпчүлүк процесстер маалыматтарга жана заманбап технологияларга негизделген электрондук түрдө жүргүзүлгөн бажы кызматына карай кийинки кадам.
Биз дал ушул бажыга карай бара жатабыз. Мамлекеттин алдында Кыргызстанды заманбап эл аралык транспорттук жана логистикалык хабга айландыруу стратегиялык максаты турат. Мамлекеттик бажы кызматы бул максатка жетүүдөгү маанилүү ролду ойнойт. Кызмат тарабынан ишке ашырылып жаткан бардык реформалар бир максатка багытталган. Ал товарлардын жана унаалардын кыймылын тез, ыңгайлуу, ачык-айкын жана алдын ала айтууга мүмкүн кылуу”, - деп билдирди Бажы кызматы.
Санариптештирүү ошондой эле адамдык факторду, паракорлук тобокелдиктерин алдын алууга да шарт түзүүдө. Бажынын өзүндөгү уурулукту, көп жылдар бою иштеп келген ири коррупциялык жана көмүскө импорттук схемаларды жоюу үчүн да бир топ иштер аткарылды. Президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин улуттук эксперт-консультанты Замир Айылчыевдин айтымында учурда бажы кызматындагы кадр саясатына өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи.

“2020-жылдан бери Садыр Жапаровдун туура саясатынын негизинде бажы тармагындагы өсүш беш эсе көбөйдү. Биринчи себеби – албетте санариптештирүү. Санариптик мамлекеттик башкарууга өткөнүбүз, электрондук өкмөт системасы оң таасирин тийгизүүдө. Анткени санариптик технологиялар эч качан адамды алдабайт. Ошого байланыштуу бүгүнкү күндө системалуу реформа жүрүп жатат десем жаңылышпайм.
Экинчиден, кадр жаатында чоң өзгөрүүлөр болуп аткезчилик менен алектенген бажычылардын көбү жумуштан алынып, сынактык негизде ишке орношууда. Албетте, бажы тармагына мындан ары да реформалар керек деп эсептейм. Бирок бүгүнкү күнү жүргүзүлүп жаткан бажы саясаты туура. Ошонун негизинде мамлекеттин экономикасы өнүгүп, инфраструктура жаңырып, региондордо, аймактарда көп иштер аткарылууда”, - деди Замир Айылчыев.
Бажыдагы секирикти бир гана мекеменин эмес, жалпы мамлекеттик башкаруунун сапатындагы өзгөрүү катары баалоо керектигин саясат талдоочу Тимур Саралаев да белгиледи. Анын айтымында, акыркы беш жарым жылда бажы төлөмдөрүнүн мурдагы 30 жылдагы жалпы көлөмдөн ашып кетиши - олуттуу көрсөткүч.

“Бул көрсөткүчтөрдү бажы кызматынын гана жетишкендиги катары эмес, мамлекеттик башкаруунун жалпы сапатындагы өзгөрүүнүн бир көрсөткүчү катары кароо керек.
Саясат таануу көз карашынан алганда, күчтүү мамлекет - чечим кабыл алган гана эмес, аны ишке ашырууга жетиштүү ресурсу бар мамлекет. Кирешелерди толук чогултуу, көмүскө агымдарды кыскартуу жана бюджеттин мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү мамлекеттик институттардын иштөө жөндөмүн көрсөтөт.
Мамлекет өзүнүн ички кирешелерин канчалык натыйжалуу топтой алса, инфраструктураны, социалдык милдеттенмелерди жана өнүгүү долбоорлорун өз ресурстарынын эсебинен каржылоо мүмкүнчүлүгү ошончолук жогорулайт. Бул экономикалык көрсөткүч гана эмес, мамлекеттин институционалдык жана финансылык жактан бекемделишинин белгиси”, - деди саясат таануучу.
Бажыдан түшкөн 619,1 млрд сом бүгүнкү күндө өлкөдөгү ири инфраструктуралык долбоорлорду, жолдорду, мектептерди курууга жана социалдык төлөмдөрдү жогорулатууга негизги тирек болууда. Кирешелердин мындай өсүшү кыргыз экономикасынын мүмкүнчүлүктөрү дагы деле чоң экенин кабар берет.