“Казарман ГЭСтер каскадын куруу” долбоору боюнча алгылыктуу иштер аткарылууда

Экономика Загрузка... 27 Февраль 2025 18:00
copyright icon Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 27.02.25. /Кабар/. Энергетика министри Таалайьек Ибраев "Орто Азиялык инвестициялык Холдинг" ААКтын башкы директору Орен Ахмет Мюжахид менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын аймагында 912 МВттык “Казарман ГЭСтер каскадын куруу” долбоору боюнча кызматташуунун келечегин талкуулашты.

Негизинен Казарман ГЭСтер каскады Нарын дарыясында жайгашып, курамында 4 ГЭС бар. "Орто Азиялык инвестициялык Холдинг" ААК компаниясы каскаддын 3 ГЭСин курууга кызыктар. Алар:

  • Ала-Буга ГЭСи - 600 МВт;
  • Кара-Булуң-1 ГЭСи -149 МВт;
  • Кара-Булуң-2 ГЭСи -163 МВ.

Жалпы ГЭСтин орточо жылдык өндүрүшү 3746,3 млн кВт саатты түзөт.
Энергия менен камсыз кылууда гидроэлектростанциялар негизги ролду ойнойт.

Нарын дарыясындагы Казарман каскады – аймактагы электр энергиясын өндүрүүнү бир топ жогорулата турган келечектүү долбоор. Эгерде ГЭС курулса мамлекеттин казынасына салык төлөнүп, жергиликтүү тургундар жумуш орун менен камсыз болот.

Энергетика министрлиги менен "Орто Азиялык инвестициялык Холдинг" эки жылдан бери кызматашып келет. Буга чейин тараптардын ортосунда 2024-жылдын 4-сентябрында энергетикалык долбоорду биргелешип ишке ашырууга багытталган өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга жана 5-ноябрында ГЭСтерди куруу жана эксплуатациялоо боюнча Алкактык келишимге кол коюлган.

Учурда компаниянын өкүлдөрү Энергетика министрлиги менен тыгыз кызматташуу максатында Бишкекке атайын кеңсе ачып, иш алып барууда.

"Орто Азиялык инвестициялык Холдинг" ААК компаниясы Казарман ГЭС каскадын куруу үчүн 11 млн сом акча каражатын казынага которду.

Бүгүнкү жолугушууда тараптар жалпы кубаттуулугу 912 МВт болгон "Казарман ГЭСтер каскадын куруу" долбоорун ишке ашыруу ниети жөнүндө протоколго кол коюшту.

Документ долбоорду ишке ашыруу жөнүндө Инвестициялык макулдашууну иштеп чыгууга, документацияны жана долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууга багытталган.

Мындан тышкары, энергетика министри менен аталган компаниянын башкы директору 250 МВттык Бишкек ЖЭБ-2 газ станциясын куруу долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Долбоорду ишке киргизүү мөөнөтү 2-4 жыл. Долбоордун бюджети 443 млн долларды түзөт.

Учурда "Орто Азиялык инвестициялык Холдинг" компаниясы ЖЭБ-2 газ станциясын куруу үчүн 3 млр сомдун тегерегинде инвестиция саларын билдирди.

Бишкекте ЖЭБ-2нин курулушу - өлкөнүн энергетикалык кубаттуулугун жогорулатууга багытталган стратегиялык инфраструктуралык долбоор болуп эсептелет. Калкты жана ишканаларды электр энергиясы жана жылуулук менен туруктуу камсыз кылып, электр системасынын ишенимдүүлүгүн жогорулатып, экологиялык абалды жакшыртат.

Буга чейин 2024-жылдын 20-сентябрында КР министрлер кабинети менен "Орто Азиялык инвестициялык Холдинг" ААКтын ортосунда инвестициялык келишимге кол коюлган.

Энергетика министри Ибраев компаниянын башкы директору Орен Ахмет Мюжахидге Бишкек ЖЭБ-2нин техникалык-экономикалык негиздемесин 3 айдын аралыгында бүткөрүүнү жана долбоорду тезинен ишке ашырууну сунуштады.

"Орто Азиялык инвестициялык Холдинг" ААКтын башкы директору министрдин сунушун кабыл алып, ишти тездетерин билдирди.