ГЭСтен күн панелдерине чейин: Бишкекте келечектин энергетикасы тааныштырылды

ШКУ Загрузка... 18 Июнь 2026 18:40
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө жашыл энергетикага өзгөчө көңүл бурулууда. Кыргызстан да гидроэнергетикага улай эле энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдаланууга басым жасап жатат. Бул багытта иш алып барган компаниялар Бишкекте өтүп жаткан "Energy Expo Kyrgyzstan — ШКУ 2026" эл аралык көргөзмөсүнө чогулушту. Иш-чара Шанхай кызматташтык уюмундагы Кыргызстандын төрагалыгынын алкагында Энергетика министрлиги тарабынан уюштурулду. "Кабар" улуттук маалымат агенттиги иш-чаранын катышуучуларын кепке тартып, алардын энергетика тармагындагы ишмердүүлүгү жана сунуштап жаткан долбоорлору менен жакындан таанышты.

Көргөзмө энергетика тармагындагы мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн, эл аралык уюмдарды, ири энергетикалык компанияларды, инвесторлорду, долбоорлоочу жана өндүрүштүк уюмдарды бир аянтчага бириктирди. Учурда бул иш-чарага Кыргызстан, Кытай, Россия, Индия, Беларусь, Түркия жана Вьетнам мамлекеттеринен 40тан ашык компания катышууда.

Көргөзмөдө энергетика тармагындагы акыркы технологиялар, заманбап жабдуулар жана инновациялык чечимдер сунушталып жатат. Бул иш-чара Кыргызстан үчүн гана эмес, жалпы Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин ортосундагы энергетикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган маанилүү аянтча болууда.

WhatsApp Image 2026-06-18 at 09.35.27.jpeg

Учурда Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда Казарман ГЭС каскадын курууга даярдыктар башталды. Инвестициялык долбоорду "Орто Азия Инвестмент Холдинг" компаниясы ишке ашырып, 6 жылда ГЭСтерди куруп, пайдаланууга бериши керек. Нарын дарыясына курула турган үч ГЭС биригип 912 МВт кубаттуулукту түзөт. Жылына орточо эсеп менен 3,75 млрд кВт-саат электр энергиясын өндүрөрү пландалууда. Аталган компаниянын техникалык директору Калыбек Алиевдин айтымында, азыр жеринде курулушчулардын шаарчасы курулууда.

WhatsApp Image 2026-06-18 at 08.10.38
"Биз Казарман ГЭС каскадын курууга милдеттенме алганбыз. Каскад үч ГЭСтен турат: Ала-Буга ГЭСинин кубаттуулугу 600 МВт, Кара-Булуң-1 ГЭСи — 149 МВт, Кара-Булуң-2 — 163 МВт түзөт. Азыр долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси даярдалып бүттү. Каскадды 2032–2033-жылдары эксплуатацияга беришибиз керек", — деди ал.

Ошону менен бирге, 200дөн ашык кабелдин түрүн чыгарган ата мекендик дагы бир компания ички рынокту сапаттуу продукция менен камсыздоого күч-аракетин жумшап келет. Компаниянын коммерциялык директору Мирлан Асановдун айтымында, Кыргызстанда курулуштун көлөмү көбөйгөндүктөн кабелдерге суроо-талап да жогорулап жатат.

WhatsApp Image 2026-06-18 at 08.10.43

"Бир жылда биздин компания 14 млн метрге жакын кабель чыгарды. Жергиликтүү өндүрүш болгондуктан баасы салыштырмалуу арзан жана сапаты стандарттарга жооп берет. Биздин продукцияны Энергетика министрлиги, ГЭСтер, борбор калаадагы ири спорттук жайлардын курулушуна колдонушууда. Сатып алуучулар өскөндүктөн, биз жаңы технологияларды алып келип, продукциянын түрлөрүн көбөйткөнгө аракет кылып жатабыз", — деди ал.

Мындан тышкары, жылдан-жылга жарандар жеке турак жайларынын жана ишканаларынын чатырларына күн панелдерин орнотууда. Бул электр жарыгына болгон чыгымды азайтууга жардам берет. Кыргызстандык жеке компаниялардын бири кытайлык өнөктөштөрү аркылуу өлкөгө күн панелдерин алып келип, ички рынокко сатууда.

WhatsApp Image 2026-06-18 at 08.10.42 (1)
“Биз күн электр станцияларына керектүү бардык жабдууларды алып келебиз. Жакында жылуулук насосторду да импорттогону жатабыз. Күн панелдерин койгон учурда жарандардын электр энергиясына кеткен күндүзгү чыгымдарын жаап бере алат. Баалар кардардын талабына жараша эсептелинет. Болжол менен өлкө боюнча 1 МВт кубаттуулуктагы күн электр станциялары орнотулду”, - дейт компаниянын өкүлү Алымбек Назарбеков.

Ошондой эле энергетика тармагында алектенген Казакстан, Кытай жана Россиянын компаниялары менен түзүлгөн өнөктөштүк аркылуу Кыргызстандын рыногуна электр энергиясын тартууда керектелчү жабдуулар импорттолууда.

WhatsApp Image 2026-06-18 at 08.10.35 (1)
"Жогорку чыңалуудагы электр линияларын тартууда эски зымдар жаңыларына алмаштырылууда. Биз кардарларды жаңы зымдардан тартып трансформаторлорго чейин камсыздайбыз. 2024-жылдан бери биз курулуш тармагындагы бир катар долбоорлорго сапаттуу материалдарды алып келип бердик", — деди компаниянын өкүлү Абай Осмонов.

Учурда көргөзмөгө чогулган компаниялар жаңы долбоорлорду сунуштап, инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү талкуулап жатышат. Анткени "Energy Expo Kyrgyzstan" эл аралык көргөзмөсү жаңы өнөктөштөрдү табууга жана келечектүү долбоорлор боюнча түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө чоң мүмкүнчүлүк түзүүдө.

WhatsApp Image 2026-06-18 at 09.35.25 (2).jpeg

Энергетика министрлиги өлкөнүн энергетикалык потенциалын илгерилетүү, инвестицияларды тартуу жана тармакка заманбап технологияларды киргизүү боюнча ишин ырааттуу улантууда. Бул тууралуу энергетика министри Алтынбек Рысбеков билдирди.

WhatsApp Image 2026-06-18 at 09.35.28 (1).jpeg
“Бүгүн биз жөн гана көргөзмөнүн ачылышына күбө болуп жаткан жокпуз. Биз энергетика тармагынын келечегин аныктай турган идеялардын, технологиялардын жана стратегиялык өнөктөштүктөрдүн жаңы аянтчасын ачып жатабыз. Кыргызстан энергетикалык кызматташтыктын ишенимдүү өнөктөшү болуп кала берет жана аймактагы туруктуу энергетикалык келечекти биргелешип курууга даяр”, - деди министр.