Казанда Кыргызстандын адал продукт өндүрүүчүлөрүнүн Соода үйү ачылды

Экономика 17 май 2025 14:00
498315905_18055338677343965_4839023712083839869_n.jpg
491450250_18055338716343965_1350472291587006151_n.jpg
Алдыга
Артка
498315905_18055338677343965_4839023712083839869_n.jpg
491450250_18055338716343965_1350472291587006151_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Экономика жана коммерция министрлиги

Бишкек, 17.05.25. /Кабар/. Казань шаарында Кыргызстандын адал продукт өндүрүүчүлөрүнүн Соода үйү ачылды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Соода үйү 14–17-майда өтүп жаткан Россия – Ислам дүйнөсү: KazanForum 2025" эл аралык экономикалык форумунун алкагында ачылды.

Форумга Экономика министрлигине караштуу "Адал индустриясын өнүктүрүү" мамлекеттик мекемесинин өкүлдөрү, ошондой эле адал жана органикалык продукцияларды өндүрүүгө адистешкен ата мекендик компаниялар катышууда.

Кыргыз Соода үйүнүн ачылышы ата мекендик өндүрүүчүлөр үчүн жаңы рынокторго чыгууга мүмкүнчүлүк түзүп, экспорт көлөмүнүн өсүшүнө, кирешелердин көбөйүшүнө жана ишкердик менен экономиканын мындан ары өнүгүшүнө өбөлгө болот.

KazanForum алкагында "Адал индустриясын өнүктүрүү" мамлекеттик мекемеси менен Татарстандын Борбордук диний уюму — Мусулмандардын руханий башкармалыгынын алдындагы "Адал стандарты" комитети — продукциянын сапатын көзөмөлдөө боюнча Жеке мекемесинин ортосунда өз ара таануу тууралуу меморандумуна кол колду.