Казакстандын тышкы иштер министри расмий сапар менен Кыргызстанга келет

Саясат Загрузка... 31 Июль 2025 14:42
1.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 31.07.25 /Кабар/. 1-2-августта Казакстандын премьер-министринин орун басары – тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу расмий сапар менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунан билдиришти.

Ал Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу боюнча келүүдө.

Сапардын жүрүшүндө Кыргызстан менен Казакстандын тышкы саясий ведомстволорунун башчыларынын саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда кыргыз-казак мамилелерин мындан ары чыңдоого багытталган сүйлөшүүлөрү болот.