Казакстандын президенти Бишкектеги №33 мектепке жаңы компьютерлерди тапшырды

Коом Загрузка... 22 Август 2025 19:15
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 22.08.25. /Кабар/. Казакстандын президентинин Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев Бишкектеги Кемел Токаев атындагы №33 мектеп-гимназиясына барышты.

Бир кезде Касым-Жомарт Токаевдин атасы окуп билим алган мектепке эки өлкөнүн достугун жана кызматташтыгын даңазалаган белек катары жаңы компьютерлер, интерактивдүү доскалардан тартып теннис үстөлүнө чейин тапшырылды.

Маалым болгондой, ушул жылдын май айында аталган мектепке Касым-Жомарт Токаевдин атасы казак жазуучусу Кемел Токаевдин ысымы президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен ыйгарылган.

Белгилей кетсек, Кемел Токаев 1923-жылдын 2-октябрында Алматы облусунун Каратал районундагы туулган. Ал казак жазуучусу, казак прозасындагы детектив жанрынын негиздөөчүсү.

Коллективдештирүү жылдарында жана ага удаа келген ачарчылык маалында Кемел Токаевдин үй-бүлөсү өз мекенин таштап, журт которууга аргасыз болгон. Бир нече жыл Фрунзе шаарында жашаган.

Бул жерде Кемел Токаев ата-энесинен, жакындарынан ажырап, жетим балдар үйүндө тарбияланган.

Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында тагдыр Кемел Токаевди экинчи жолу Кыргызстанга алып келип, ал Фрунзе шаарындагы жөө аскерлер мектебинде (азыркы 33 - мектеп-гимназияда) билим алып, ушул жерден фронтко чакырылган.

Буга чейин Касым-Жомарт Токаев №33 мектеп-гимназияга автобус белек кылган. Ошондой эле мектептин мыкты бүтүрүүчүлөрү үчүн Алматыдагы Сатпаев университетинде акысыз окууга үч орун бериле турганы маалым болгон.

Эске салсак, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кечээ, 21-августта Кыргызстанга расмий сапар менен келген. Бүгүн расмий сапардын алкагында эки өлкөнүн президенттери тар жана кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бир катар эки тараптуу документтерге кол коюшту.