Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов Кыргызстанга келди

Саясат Загрузка... 18 Сентябрь 2025 12:12
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 18.09.25. /Кабар/. Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө-мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жана вице-президентинин жолугушуусуна катышуу үчүн Кыргызстанга келди.

Казакстандын премьер-министри Олжас Бектеновду “Манас” эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев тосуп алды. 

Белгилей кетсек, Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жана вице-президентинин жолугушуусу 18-сентябрда Бишкек шаарында өткөрүлөт.