Бишкек, 08.09.25. /Кабар/. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөнүн парламентин бир палаталуу кылып өзгөртүүнү сунуштады. Бул тууралуу «Казинформ» жазып чыкты.
Анын айтымында, бул жүргүзүлүп жаткан саясий реформалардын логикалык уландысы болуп, «Күчтүү президент – таасирдүү парламент – отчеттуу өкмөт» моделин бекемдөөгө жардам берет. Мамлекет башчы бул маселе коомдо жана эксперттик коомчулукта жыйырма жылдан бери талкууланып келе жатканын белгиледи.
Токаев 1995-жылы түзүлгөн Сенат мамлекеттик курулуштун жана мыйзам чыгаруу процессинин туруктуулугун камсыз кылууда маанилүү роль ойногонун белгиледи. Бирок, саясий маданияттын өнүгүшүн, коомдун жетилгендигин эске алып, бир палаталуу системага өтүү маселесин кеңири талкууга коюу мезгили келгенин белгиледи. Ошондой эле Токаев элдин катышуусу менен гана чечим кабыл алынышы керектигин айтты.
Анын сунушуна ылайык, мындай масштабдуу реформаны талкуулоо кеминде бир жылга созулуп, андан кийин 2027-жылы референдум өтүп, жарандардын колдоосу менен Конституцияга өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн.
"Бир палаталуу парламентке өткөн учурда депутаттар партиялык тизме менен гана шайланыш керек",- деп белгиледи Токаев.