Казакстандык ишкер "Ала-Тоо Резорт" курорту тууралуу маалымат менен бөлүштү

Коом Загрузка... 05 Сентябрь 2025 15:24
copyright icon Ринат Абрахмановдун социалдык тармактагы баракчасынан

Бишкек, 05.09.25. /Кабар/. Казакстандын Алматы шаарындагы "Шымбулак" тоо лыжа курортунун директору Ринат Абрахманов өзүнүн социалдык тармагында Ысык-Көл облусунда курулуп жаткан жаңы "Ала-Тоо Резорт" тоо-лыжа кластери жөнүндө айтып берди.

Видеодо ал курорт жана анын келечеги тууралуу кенен сөз кылат. Анда кээ бир кадрлар жасалма интеллект жасалганын байкоого болот.

Белгилей кетсек, "Ала-Тоо Резорт" долбоору — Борбор Азиядагы эң ири тоо лыжа кластерин түзүү боюнча Кыргызстандын дымактуу демилгеси. Долбоор үч негизги курортту камтыйт:

  • "Жыргалаң" (1 624,66 га);
  • "Ак-Булак" (945,92 га);
  • "Боз-Учук" (1 345,0 га).

"Жыргалаң" — 120 чакырым тоо лыжа трассасы, 3-4-5 жылдыздуу мейманканалар, коттедждер, глэмпинг, спа-комплекс жана этно-шаарча, конференц-залдар менен эң ири курорт.

"Ак-Булак" — 80 чакырым тоо лыжа трассасы, 3-4 жылдыздуу мейманканалар, батирлер, хостелдер, маданий иш-чараларды өткөрүүчү аянт, стадион, окуу корпусу, фрирайд-борбору, ресторан, зиплайн, альпинизм борбору, амфитеатр.

"Боз-Учук" — 50 чакырым тоо лыжа трассасы, 3-4-5 жылдыздуу мейманканалар, батирлер, медициналык борбор, спа-комплекс, балдар аянтчалары, ат спорту борбору, ресторан, бутиктер.

Мындан тышкары, 4 000 унаа токтотуучу жайларды, курорттордун ортосунда жаңы жолдорду жана туристтер үчүн ыңгайлуу заманбап инфраструктураны түзүү пландалууда.

"Табигый кар жана кар кармап туруу системасынын аркасында жылдын 4 мезгилинде тең иштей турган курортто лыжа сезону 7 айга чейин созулат", - деп ишканада белгилешти.

Ошондой эле курулуш жаратылышка эң аз таасир этүү менен эл аралык экологиялык стандарттарга ылайык жүргүзүлүүдө.

"Ала-Тоо Резорт" курортунун курулушунун биринчи этабын 2026-жылдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда. Бул убакытка чейин 4 чакырым эки асма жол курулат.

Планга ылайык, 3 курортту кошкондо, жалпы узундугу 250 чакырымга жакын тоо лыжа трассалары курулат.

Долбоор ишке ашкандан кийин 5 миңге жакын жумуш орундары түзүлүп, курорттор жылына 850 миң туристти кабыл ала алат деп күтүлүүдө.