Бишкек, 16.07.25. /Кабар/. Казакстанда тамеки чеккен адамдардын саны кыскарып жатканы байкалууда. Бул тууралуу Казинформ агенттиги Казакстанстандын Улуттук статистикалык бюросунун маалыматына таянуу менен маалымдады.
Расмий маалыматка ылайык, учурда калктын 17,5 пайызы тамеки тартат. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу төмөн. Былтыр бул сан 20,7 пайызды түзгөн.
Айыл жеринде жашагандар тамекини көбүрөөк чегишет. Айылда - 19,1%, шаарда - 16,7%. Жынысы боюнча алганда, эркектердин 34 пайызы, ал эми аялдардын болгону 5 пайызы тамеки тартары аныкталган.
Белгилей кетсек, буга чейин Казакстанда тамекинин минималдуу баасы жогорулай турганы айтылган.
Ошондой эле Казакстан дүйнөдөгү эң арзан тамеки сатылган алдыңкы үч өлкөнүн катарына кирери белгиленген.