Казакстанда санариптик теңге расмий түрдө улуттук валюта статусун алат

Борбор Азия Загрузка... 17 Сентябрь 2025 12:10
digital-tenge.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 17.09.25. /Кабар/. Казакстанда жаңы "Банктар жөнүндөгү" мыйзамдын алкагында санариптик финансылык активдерди жаңы активдер классы катары жөнгө салуу киргизилет. Бул тууралуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана өнүктүрүү боюнча агенттигинин төрайымы Мадина Абылкасымова Мажилисте мыйзам долбоорун тааныштырып жатып билдирди, деп маалымдайт «Казинформ» агенттиги.

Анын айтымында, мыйзам долбоорунда үч түрдүү СФА каралган:

  • Биринчиси, акчаны талап кылуу укугун күбөлөндүргөн санариптик активдер - стабилкоиндер;
  • Экинчиси - негизги актив менен камсыздалган санариптик финансылык активдер;
  • Үчүнчүсү – санариптик формада чыгарылган финансылык инструменттер.

Стейблкоиндерди чыгаруу жана жүгүртүү Улуттук банк тарабынан жөнгө салынат. Ал эми негизги актив менен камсыздалган санариптик активдерге жана санариптик формада чыгарылган финансылык инструменттерге талаптарды коюу жана жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктар финансылык жөнгө салуу агенттигине берилет.

Санариптик финансылык активдерди чыгаруу санариптик платформалардын операторлору аркылуу ишке ашат. Бул — Улуттук банк лицензиялаган жаңы финансылык рыноктун субъектилери болот.

«Санариптик финансылык активдерге салттуу финансылык инструменттерге коюлган талаптарга окшош талаптар колдонулат, анын ичинде тобокелдиктерди башкаруу, маалыматты ачыктоо жана инвесторлордун укуктарын коргоо талаптары. Бул алардын жүгүртүүсүнүн ачыктыгын жана ишенимдүүлүгүн камсыздайт», — деди Мадина Абылкасымова.

Мындан тышкары, мыйзам долбоорундагы маанилүү өзгөртүүлөрдүн бир бөлүгү улуттук финансылык инфраструктураны модернизациялоого багытталган.

«Санариптик теңге улуттук валютанын жаңы формасы катары мыйзам түрүндө бекитилет. Ошондой эле төлөм уюмдарынын ишмердүүлүгүн жөнгө салуу күчөтүлөт», — деп кошумчалады Абылкасымова.