Бишкек, 08.10.25 /Кабар/. Казакстандын Саламаттык сактоо министри медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу буйрукка кол койду. Бул тууралуу «Казинформ» билдирди.
Жаңы жоболорго ылайык:
- Азыр эрежелерде медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары химиялык кастрация түрүндө колдонулушу мүмкүн экендиги так жазылган;
- химиялык кастрация жашы жете электердин жыныстык кол тийбестигине каршы кылмыш жасаган 18 жаштан ашкан адамдарга гана белгиленет жана соттун акыркы чечиминин негизинде жүргүзүлөт;
- иш-чаралар эркиндигинен ажыратылган жерде же амбулатордук психиатриялык жардам көрсөтүүчү медициналык мекемеде жүргүзүлөт;
- соттолгон адам бошотуларына 6 ай калганда абактын администрациясы психикалык бузулуулардын бар экендигин жана сексуалдык зомбулукка тенденциясын аныктоо үчүн соттук-психиатриялык экспертиза жүргүзүү үчүн материалдарды сотко берет;
- бул ченемдер акыл-эсине тоскоол болбогон, аныкталган психикалык бузулуулардан улам медициналык чаралар көрүлгөн соттолгон адамдарга жайылтылбайт.
Маалым болгондой, буйрук 2025-жылдын 17-октябрынан тартып күчүнө кирет.