Казакстанда 6 шаардагы шайлоо тилкелеринде добуш берүү жүрүүдө – элчи

Шайлоо 30 Ноябрь 2025 16:18
111-6-e1739804088506.webp
250096495_869231473777732_3826600879807847378_n_730x0_730x0.jpg
Алдыга
Артка
111-6-e1739804088506.webp
250096495_869231473777732_3826600879807847378_n_730x0_730x0.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 30.11.25. / Кабар/. Казакстандын алты шаарындагы шайлоо тилкелеринде добуш берүү жүрүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Кудайберген Базарбаев “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын айтымында, жалпысынан коңшу өлкөдө жети шайлоо тилкеси ачылган.

“Бүгүнкү күндө Казакстандын алты шаарында – Алматы, Астана, Актау, Караганда, Чымкент, Тараз шаарларында жети шайлоо тилкеси ачылган. Алматыда эки шайлоо тилкеси жайгашкан. Бүгүнкү күндө Казакстанда биздин жарандарыбыздын саны 60 миңге жакын. Ушул сааттарда Астана шаарындагы шайлоо тилкесине 75 мекендешибиз келип, добуш берди. Жарандар аралыктан шайлоо мүмкүнчүлүгүн пайдаланып, өзү тандаган талапкерге добушун бере алат”, - деп белгиледи элчи.