Казакстан уй этин экспорттоого чектөө койду

Борбор Азия Загрузка... 05 Декабрь 2025 09:10
17648300334251362344_1200x630.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 05.12.25. /Кабар/. Казакстанда ири мүйүздүү малдын этин экспорттоого чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар билдиришти.

Маалыматка караганда, Казакстандын аймагынан үчүнчү өлкөлөргө жана Евразия экономикалык биримдиктин өлкөлөрүнө жаңы, муздатылган жана тоңдурулган ири мүйүздүү малдын этин экспорттоого сандык чектөөлөр киргизилүүдө. Жалпы көлөмү 13 миң тоннаны түзөт.

Чектөөлөр 2025-жылдын 31-декабрына чейин күчүндө болот.

Белгиленгендей, квота берилген күндөн тартып 10 календардык күн аралыгында жарактуу болот жана чек арадагы ветеринардык көзөмөл пунктунда текшерүү актысы менен жоюлат.

Бул чаралардын максаты — өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, мал чарба азыктарын кайра иштетүүнү өнүктүрүү, ошондой эле уй этинин баасын турукташтыруу болуп саналат.