Ташкент, 14.11.25. /Кабар/. Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев президент Шавкат Мирзиёевдин чакыруусу менен 14–16-ноябрь күндөрү Өзбекстанга мамлекеттик сапар жасайт. Бул тууралуу Өзбекстандын президентинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, визиттин алкагында жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр өтүп, Өзбекстан жана Казакстандын жетекчилеринин төрагалыгы астында Жогорку мамлекеттер аралык кеңештин Экинчи жыйыны өткөрүлөт.
Күн тартибинде соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү, өнөр жай кооперациясын тереңдетүү, транспорт жана логистика багытындагы өз ара байланышты күчөтүү, энергетика, агрардык сектор жана суу ресурстарын биргеликте пайдалануу маселелери каралат. Ошондой эле маданий-гуманитардык багыттагы биргелешкен долбоорлор да талкууга чыгарылат.
Жолугушууда регионалдык жана дүйнөлүк күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу күтүлүүдө. Ошону менен бирге Өнөр жай кооперациясынын Эл аралык борборун ишке киргизүү жана бир катар жаңы биргелешкен долбоорлорду баштоо пландалууда.
Визиттин жыйынтыгында өзбек-казак стратегиялык өнөктөштүгүн жана союздаштык мамилелерин мындан ары чыңдоого багытталган документтер топтомуна кол коюлушу күтүлөт. Токаев ошондой эле Борбор Азия мамлекет башчыларынын жетинчи Консультативдик жолугушуусуна катышат.