Бишкек, 12.11.25 /Кабар/. Казакстандын Энергетика министрлиги өлкөнүн аймагынан мунай продукцияларын экспорттоого убактылуу тыюу салуу тууралуу буйрукту бекитти.
Жергиликтүү басылмалар билдиргендей, бул чечим улуттук коопсуздукту жана ички отун рыногунун туруктуулугун камсыз кылуу максатында кабыл алынган.
Документке ылайык, автомобиль жана темир жол транспорту менен бензинди, дизель отунду жана башка бир катар мунай азыктарын алып чыгууга 20-ноябрдан 2026-жылдын 20-майына чейин тыюу салынат.