Бишкек, 23.09.25. /Кабар/. Казакстандын парламентинин Сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев Бишкекте өткөн "Борбор Азия өлкөлөрүнүн парламенттери: аймакты комплекстүү өнүктүрүү үчүн эффективдүү чечимдер" аттуу Борбор Азия мамлекеттеринин III Парламенттер аралык форумунда Казакстан Кыргызстан менен биргеликте индустриялык соода-логистикалык комплекс куруу долбоорун ишке ашырып жатканын билдирди.
Ал белгилегендей, аймакта чек ара соодасын, транзиттик-транспорттук чөйрөдө өнөктөштүктү өнүктүрүү жана жаңы биргелешкен долбоорлорду ишке киргизүү милдеттери талап кылынат. Акыркы беш жылда аймак ичиндеги товар жүгүртүү кыйла өсүп, 10 млрд доллардан ашкан.
"Чек ара аймактарында соода-логистикалык жана өнөр жай хабдарынын тармагын курууга көмөк көрсөтүү маанилүү. Атап айтканда, Казакстан Кыргызстан менен биргеликте индустриялык соода-логистикалык комплекс куруу долбоорун ишке ашырып жатат. Ушундай эле инфраструктура башка мамлекеттик аймактардын ортосунда да түзүлүүдө. Парламентарийлер катары биз соода процедураларын жөнөкөйлөтүүчү, тоскоолдуктарды жоюучу жана аймактагы жаңы экономикалык долбоорлорду стимулдаштыруучу эффективдүү укуктук базаны түзүп, өнүктүрүшүбүз маанилүү. Бул жагынан алганда, биз бул форумдун алкагында Борбор Азиядагы парламент депутаттарынын өз ара аракеттенүүсүнө чоң үмүт артабыз", — деди ал.
Ашимбаев экинчи маанилүү багыт катары жасалма интеллектти жана санариптештирүүнү киргизүүгө мыйзамдык колдоо көрсөтүү экенин белгиледи. Ар бир өлкө бул багытта активдүү иштеп жатат. "Биз Өзбекстандын парламентинде жасалма интеллект жөнүндө мыйзамды кароо аяктап жатканын билебиз. Кыргызстанда Санариптик кодекс кабыл алынган. Казакстанда Санариптик кодекс иштелип чыгууда, аны ушул жылдын аягына чейин кабыл алуу пландалууда. Жакында эле Жасалма интеллект жана санариптик өнүктүрүү министрлиги түзүлгөн", — деди чиновник.