Казакстан Курултайынын төрагасы Кыргызстанга иш сапары менен келди

Саясат
image5.jpg
image1.jpg
image2.jpg
image3.jpg
image4.jpg
image6.jpg
Алдыга
Артка
image5.jpg
image1.jpg
image2.jpg
image3.jpg
image4.jpg
image6.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 19.10.26. /Кабар/. Бүгүн Казакстандын Курултайынын төрагасы Айбек Дадебай Кыргызстанга иш сапары менен келди. 

Парламенттен билдиришкендей, коңшу өлкөнүн жаңы парламентинин төрагасын “Манас” аба майданынан Жогорку Кеңештин төрагасынын биринчи орун басары Медербек Алиев тосуп алды.

Айбек Дадебай иш сапарынын алкагында бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрүп, Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) кезектеги жыйындарына да катышат.

Эскерте кетсек, эртең Бишкек шаарында ТүркПАнын кеңешинин отуруму жана XV пленардык жыйыны өтөт.