Садыр Жапаров Азербайжанга иш сапары менен барат

Президент 14 октябрь 2026 07:30
Садыр Жапаров Азербайжанга иш сапары менен барат
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 14.10.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров 14-15-октябрда Азербайжанга иш сапары менен барат.

Мамлекет башчысы Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин чакыруусу боюнча Азиядагы Өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин жетинчи саммитине катышат.

Иш-чаранын алкагында мамлекеттердин, өкмөттөрдүн жана эл аралык уюмдардын башчылары өз ара байланыш, санариптештирүү жана туруктуу өсүш маселелери боюнча аймактык кызматташтыкты тереңдетүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашат.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө багытталган бир катар документтерди кабыл алуу күтүлүүдө.