Бишкек, 30.09.25. /Кабар/. Казакстанда санариптик активдерге узак мөөнөттүү инвестиция тартуу максатында алгачкы Alem Crypto Fund криптофонду ишке кирди. Бул тууралуу Казинформ агенттиги маалымдады.
Маалыматка караганда, аталган фонд Казакстандын Жасалма интеллект жана санариптик өнүктүрүү министрлигинин демилгеси менен ишке ашкан. Ал эми аны Qazaqstan Venture Group компаниясы башкарат.
Фонддун негизги максаты — санариптик активдерге узак мөөнөттүү инвестиция жасап, мамлекеттик крипторезервдерди түзүү. Келечекте фонд мамлекеттик аманаттарды сактоочу жана өлкөнүн каржылык коопсуздугун камсыздоочу инструмент катары колдонулушу мүмкүн.
Казакстандын вице-премьер-министри Жаслан Мадиевдин айтымында, бул фонд санариптик каржылоонун негизин түзөт жана ири инвесторлор үчүн ишенимдүү каражатка айланышы керек.