Бишкек, 04. 09.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Чолпон-Ата шаарындагы “Газпром” дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинде казак күрөшү боюнча беттештер өтүүдө.
Казак күрөшү федерациясынын президенти Мирлан Эралиев “Кабар” агенттигине билдиргендей, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында казак күрөшү боюнча 31 өлкө катышып жатат. Жалпысынан 60 спортчу күч сынашып жаткан кези.
“Бүгүнкү күндө казак күрөшү боюнча кыргыз спортчуларынан 3 спортчу катышып жатат. 60 кг салмакта — Кемал Оңолбеков, 82 кг салмакта Байбол Саламат уулу, жогорку салмакта — Орозбек Алмаз уулу күрөшүп жатат. Даярдыктар абдан жакшы. Биз окуу-машыгуу жыйындарын өткөрдүк. Азыр биздин Ороз деген жигитибиз бахрейндик спортчуну утуп чыкты. Азыр кийинкиси, менин ойлорум, Кореянын балбаны менен көрүшөт. Намысыбызды бек кармоо менен кыргыздын желегин көтөргөнгө аракет кылып жатабыз — жалпы федерация, спортчуларыбыз”, - деди ал.
Мирлан Эралиев белгилегендей, казак күрөшү боюнча азыр экинчи айлампа болуп жатат. Дагы 3 айлампа бар. Финалдык беттештер түштө болот. Жеңүүчүлөр ошондо аныкталат.