Ысык-Көл, 04.09.26 /Кабар/. Казакстандык төкмө акын Хазирет Бердыхан VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөн кыргыз-казак акындарынын эл аралык айтышы жогорку деңгээлде уюштурулганын белгиледи.
“Кыргызстанга 4-ирет келишим. Көчмөндөр оюндары жогорку деңгээлде уюштурулганына күбө болдук. Бул айтышта 2-орунду алдым. Буга чейин эки ирет биринчи, эки ирет экинчи орунду багындыргам.
Кыргыз калкына, айтышты жакшы көрүп, өнөрдү баалаган агайын-тууганга ыраазычылык билдирем”, — деди ал.