Катардан Эр-Риядга келген кыргызстандыктар Бишкекке учту

Коом 524 08 Март 2026 15:12
6a0fb92a-2c6f-3a1d-858b-a8701a29cbfa.jpeg
94edde64-5e26-3614-870e-d8907cb6e503.jpeg
c6e45e7a-4e30-3945-995f-4911a1d63faa.jpeg
Алдыга
Артка
6a0fb92a-2c6f-3a1d-858b-a8701a29cbfa.jpeg
94edde64-5e26-3614-870e-d8907cb6e503.jpeg
c6e45e7a-4e30-3945-995f-4911a1d63faa.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 08.03.26. /Кабар/. Эр-Риядга келген кыргызстандыктар Бишкекке учту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мурда коопсуз коридор аркылуу Катардан Сауд Аравияга келген кыргызстандыктар учууга чейинки зарыл болгон бардык жол-жоболордон ийгиликтүү өтүшүп, Эр-Рияд — Бишкек багыты боюнча атайын авиакаттам менен учуп чыгышты.

Учурда учакта Кыргызстандын 166 жараны бар. Министрлик аларды тосуп алуу жана андан аркы жардам көрсөтүү боюнча бардык иш-чараларды толук координациялоону улантууда. Учак "Манас" эл аралык аэропортуна келип конот.

Белгилей кетсек, Тышкы иштер министрлиги президент Садыр Жапаровдун Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө жүргөн мекендештерге көмөк көрсөтүү тапшырмасын аткаруу максатында жарандарды мекенге кайтаруу боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө.