Катардагы элчи кызматтык этиканы бузганы үчүн жумуштан алынды — Кулубаев

Коом Загрузка... 15 Январь 2026 17:04
-------------------_TNpqn0d.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 15.01.26. /Кабар/. Кыргызстандын Катардагы мурдагы элчиси Марат Нуралиев мамлекеттик кызматкердин этикасын бузгандыгы үчүн ээлеген кызматынан бошотулган. Бул тууралуу 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча өткөн маалымат жыйынында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди.

Тышкы саясий мекеменин жетекчисинин айтымында, дипломаттын кесипкөйлүк ийгиликтерине карабастан, этикалык ченемдердин сакталбашы кадрдык чечим кабыл алууда чечүүчү фактор болгон.

"Дипломат катары Марат Нуралиев жакшы иштеген, бирок ал мамлекеттик кызматкердин этикасын бузган. Ушуга байланыштуу биз аны кызматтан бошотуу боюнча сунуш киргизүүгө аргасыз болдук. Мындан ары дипломатиялык кадрларды дайындоодо этикалык ченемдердин так сакталышына өзгөчө көңүл бурабыз", — деп баса белгиледи Кулубаев.

Эскерте кетсек, Марат Нуралиев президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, кызматынан бошотулган.