Ысык-Көл, 06.08.26 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жана Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук Кыргыз-Россия экономикалык форумунун алкагында уюштурулган өнөр жай жана айыл чарба көргөзмөсүн кыдырып чыгышты.
Ысык-Көл облусунун Бостери айылында өтүп жаткан масштабдуу көргөзмөгө эки өлкөнүн өндүрүш потенциалын чагылдырган өнүмдөр коюлган.
Иш-чаранын катышуучуларына жана конокторуна төмөнкү экспонаттар сунушталды:
- Ата мекендик органикалык продукциялар;
- Өнөр жай жана айыл чарба техникалары;
- Нукура кийизден жасалган улуттук буюмдар жана сувенирлер;
- Кыргызстанда расмий түрдө кураштырыла баштаган Chevrolet үлгүсүндөгү автоунаалар.
Көргөзмөнүн жүрүшүндө Адылбек Касымалиев менен Алексей Оверчук өндүрүшчүлөр менен маектешип, эки тараптуу соода-экономикалык мамилелерди бекемдөөдө мындай аянтчалардын маанилүүлүгүн белгилешти.