Касымалиев: Мамлекеттик карыздын ИДПга карата көлөмү 42%ды түзөт

Экономика Жүктөлүүдө... 04 Август 2026 18:45
99999_mnZ8RuV.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар

Бишкек, 04.08.26. /Кабар/. Кыргызстандын Кытай алдындагы карызынын үлүшү кыйла азайды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев "Кабар подкастка" билдирди.

Анын айтымында, буга чейин Кыргызстандын Кытайга карызы 1 млрд 900 млн долларга жеткен болсо, учурда бул көрсөткүч 1 млрд 400 млн долларга чейин кыскарды.

"Бир булактан алынган карыздардын көлөмү 50 пайыздан ашпашы керек. Учурда Кытай алдындагы карыз тышкы карыздын жалпы көлөмүнүн 20 пайыздан бир аз ашыгын түзөт. Калган бөлүгү Азия өнүктүрүү банкы жана Дүйнөлүк банк сыяктуу узак мөөнөттүү жеңилдетилген насыяларды берген уюмдарга, ошондой эле Эл аралык валюта фондуна жана башка кредиторлорго туура келет", – деди министрлер кабинетинин төрагасы.

Адылбек Касымалиев мыйзамга ылайык мамлекеттик карыздын ИДПга карата көлөмү 60 пайыздан ашпашы керектигин, бирок президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен мындан да катаал чектөө белгиленгенин айтты. Ага ылайык, мамлекеттик карыз 50 пайыздан ашпоого тийиш.

"Бүгүнкү күндө мамлекеттик карыздын ИДПга карата көлөмү 42 пайызды, ал эми тышкы карыз 22 пайызды түзөт. Азыр биз тышкы карызды азайтып, ички карызды көбөйтүү багытында иш алып баруудабыз. Салыштырып көрсөк, АКШда мамлекеттик карыздын ИДПга карата көлөмү 121 пайызды, Японияда 251 пайызды, Улуу Британияда 102 пайызды, Францияда 112 пайызды, Италияда 136 пайызды, Канадада 106 пайызды, Испанияда 102 пайызды, Сингапурда 175 пайызды түзөт. Бардык өлкөлөр карыз алышат, бул дүйнөлүк тажрыйбада кадимки көрүнүш", – деп жыйынтыктады минкаб төрагасы.